Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 27
Баткен шаарынын 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункуттун 2-пункутчасына жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 12-июндагы протоколунун, Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 5-июндагы №163 токтомунун, шаардын киреше жагы Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, салыктан киреше түшпөй калуусун эске алып Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын 2020-жылга бекитилген жергилкитүү бюджетинин төмөнкүдөй бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин:
-2020-жылга беитилген жергиликтүү бюджетти сапаттуу жана үнөмдүү пайдалануу максатындагы Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 5-июндагы №163 сунушталган токтому бекитилсин. ( сунушталган токтом тиркелет.)
2.Баткен шаарынын 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше жагына салыктан киреше түшпөй калгандыктан киреше жагы тиркемеге ылайык 4500.0 мин сомго кыскартылсын. (тиркеме тиркелет)
3.2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ММД 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 4500.0 мин сом кыскартылсын.
4.Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 109.0 сом кыскартылып, шаар мэриясынын 2215 “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесине” газета журналдардын кызматы үчүчн 40.0 сом, банерлер үчүн 40.0 сом, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигине мүчөлүк акы үчүн 29.0 сом чегерилип берилсин.
5.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |