Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 28
Баткен шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңешинин органы болгон “Өрүкзар” коомдук-саясий гезитин өзүн-өзү каржылоочу мекемеге өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө №101 Мыйзамынын 2-пункуттун 1;5;9-пункутчаларына жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 12-июндагы отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 12-июндагы №01-21/569 чыгыш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңешинин органы болгон “Өрүкзар” коомдук-саясий гезитин өзүн-өзү каржылоочу мекемеге өткөрүүгө макулдук берилсин.
Төрага | А.Ташбеков |