Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 15-июну № 30а
Баткен шаар мэриясынын алдында муниципалдык «Баткен Өнүктүрүү» коомдук фондун түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө 2-11-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2; 8-беренелерине ылайык жана Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 12-июндагы №01-21/569 катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаар мэриясынын алдында муниципалддык “Баткен Өнүктүрүү” коомдук фондун түзүүгө макулдук берилсин.
2.Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык ”Баткен Өнүктүрүү” коомдук фондунун жобосу бекитилсин. (жобосу тиркелет)
3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция
башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин
финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/
тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Ушул устав “Баткенди өнүктүрүү” коомдук фондунун (мындан ары – Фонд) ишмердүүлүгүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
1.2. Фонд Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлдү.
1.3. Фонддун уюштуруучулук укуктук түрү – коомдук фонд.
1.4. Фонддун толук фирмалык аталышы:
- Кыргыз тилинде - “Баткенди өнүктүрүү” коомдук фонду;
- Орус тилинде – Общественный фонд “Развитие Баткена”;
- Англис тилинде – Public fund «Batken development»
1.4.1. Фонддун кыскартылган фирмалык аталышы:
- Кыргыз тилинде - “Баткенди өнүктүрүү” КФ;
- Орус тилинде – ОФ “Развитие Баткена”;
- Англис тилинде – PF «Batken development».
1.5. Фонд коммерциялык эмес, мүчөлүккө негизделбеген жана пайда табууну өзүнүн негизги максаты катары карабаган уюм болуп эсептелет. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын, юридикалык жактардын мамлекеттик эмес, өз ыктыяры менен берген каражаттарынын негизинде түзүлөт жана учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
1.6. Фонддун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен шаары, Жусупов көчөсү, №46.
2.1. Фонд юридикалык жак болуп эсептелет, обочолонгон мүлккө ээлик кылат, ээлик кылуу менен мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды көзөмөлдөйт, символикага, гербдик мөөргө, штампка, өз алдынча баланска, банктык эсептерге жана башка реквизиттерге ээ. Сотто доочу жана жоопкер боло алат.
2.2. Фонд келишимдерди түзөт, мүлктөрдү сатып алат жана ижаралайт, жана башка жарандык-укуктук, анын ичинде эл аралык, мамилелерди түзөт.
2.3. Фонд өзүнүн милдеттенмелеринен, өзүнө тиешелүү болгон мүлк жана финансылык каражат менен жооптуу болот. Фондго уюштуруучунун өткөрүп берген мүлктөрү Фонддун менчиги болуп эсептелет.
2.4. Уюштуруучу Фонддун милдеттенмесине жооптуу болбойт. Фонд уюштуруучунун милдеттенмелерине жооптуу болбойт.
2.5. Фонд жеке символикасын жарыя жана башка максаттарда колдонуу укугуна өзү гана ээ, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактарга келишимдин негизинде колдонууга уруксат берүүгө укуктуу.
2.6. Фонд мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндөн тартып юридикалык жак статусун алат.
3.1. Фонд социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү жана башка социалдык пайдалуу коммерциялык эмес максаттарды көздөйт. Ошону менен бирге Фонддун негизги максаты - өз каражаттарынын жана тартылган инвестициялардын эсебинен социалдык маанилүү программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, жайылтуу жана жүзөгө ашыруу аркылуу экономикалык кризиске каршы жана кризистен кийинки экономикалык калыбына келтирүү мезгилинде Баткен шаарынын жана облустун өнүгүшүнө көмөктөшүү болуп эсептелет.
3.2. Өзүнүн максаттарына жетүү үчүн Фонд ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүн ишке ашырат:
Ø жергиликтүү жамааттардын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүүгө жана жакырчылыкты кыскартууга көмөктөшөт;
Ø шаар жерлерин жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө донорлорду жана эл аралык долбоорлорду тартат;
Ø жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу;
Ø жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жалпы жана укуктук маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
Ø Мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана коргойт;
Ø Тийиштүү улуттук жана эл аралык агенттиктер менен жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жаатында иштеген кызыкдар тараптардын ортосундагы тармакты координациялоого жана колдоого көмөктөшөт;
Ø Эл аралык жана улуттук өнүгүү программаларынан алынган сабактарды жайылтуунун механизмдерин иштеп чыгат;
Ø Билим берүү иш-чараларын өткөрөт;
Ø Жарандардын руханий жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга багытталган демилгелерди, ошондой эле агартуу деңгээлин жогорулатууга, сабырдуулукту, диний сабырдуулукту жана диндер аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган долбоорлорду колдойт;
Ø Дин кызматкерлердин билим деңгээлин көтөрүүдө, динге негизделбеген (светтик), диний билим алууга көмөктөшөт;
Ø Диний экстремизмге жана терроризмге каршы туруу боюнча жарандардын, анын ичинде жаштардын, аялдардын жана дин кызматчыларынын арасында билим берүү иш-чараларын уюштурат;
Ø Кыргыз Республикасындагы салттуу диний уюмдарга колдоо көрсөтөт;
Ø Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
Максаттарды жана ишмердүүлүктүн предметин жүзөгө ашыруу үчүн Фонд белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
ü Бардык денгээлдеги мамлекеттик түзүмдөр менен, кредиттик жана камсыздоо мекемелери менен, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар менен Кыргыз Республикасында жана башка өлкөлөрдө өз ишин өз ара эки тараптуу жүргүзүүгө;
ü Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө белгиленген тартипте өзүнүн өкүлчүлүгүн жана филиалдарын, ошондой эле уюмдарын ачууга, билим берүү жана башка мекемелерин түзүүгө;
ü Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн басма сөз органдарын, башка массалык маалымат каражаттарын, анын ичинде электрондук маалымат каражаттарын уюштурууга;
ü Өзүнүн максаттарын жана милдеттерин эркин үгүттөөгө;
ü Жамааттар арасында тажрыйба алмашууга көмөктөшүү;
ü Жергиликтүү жамааттардын жана региондордун өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
ü Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча окутууларды жана тренингдерди өткөрүү;
ü Киреше алып келүүчү иш-аракеттердин ар кандай түрлөрү үчүн айылдыктардын мүмкүнчүлүктөрү менен бизнес түзүмдөрүнүн ортосунда туруктуу байланыштарды түзүү;
ü Айылдарды өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлордун бенефициарларынын продукцияларын жылдыруу жана сатуу;
ü Фонддун максаттары боюнча консультациялар жана социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүү;
ü Фонддун иши жөнүндө маалымат базасын түзүү;
ü Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле Фонддун максаттарына жетүү үчүн кызмат кылган жана ушул максаттарга шайкеш келген башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
ü Инвестициялык программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды жана башка финансылык ресурстарды тартуу максатында эл аралык донордук уюмдар жана ата мекендик жана чет өлкөлүк финансы институттары менен байланыш түзүү.
ü Фонддун ишин каржылоо үчүн каражаттарды тартуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
ü Фонддун уставдык максаттарына жетишүү үчүн зарыл болгон консультациялык жана иш-аракеттердин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу;
ü Фонддун максаттары боюнча программаларды, анын ичинде эл аралык катышуу менен жүзөгө ашыруу;
ü Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн банктарынын, юридикалык жактарынын кызматтарын колдонууга жана баалуу кагаздар менен иш алып барууга;
ü Өз алдынча өзүнүн кирешелерин колдонуунун иретин аныктоого, эмгек акынын формасын, өлчөмүн бекитүүгө жана жумушчуларын сыйлоого;
ü Өзүнүн максаттарын жана милдеттерин үгүттөөгө, ММК (теле көрсөтүү, радио уктуруу, гезит-журналдар ж.б.) жана социалдык тармактар аркылуу коомчулукка Фонддун иш аракети тууралуу маалымат берүүгө;
ü Эл аралык коомдук бирикмелерге катышууга жана эл аралык түз байланыштарды түзүүгө;
ü Коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн Фонд мыйзамдарда тыйуу салынбаган ишмердүүлүктөрдүн башка түрлөрүн жүргүзүүгө;
ü Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка укуктарга ээ болот.
5.1. Фонддун жогорку башкаруу органы болуп, анын иш аракеттеринин маселелери боюнча чечим кабыл алууга укуктуу Фонддун Уюштуруучусу эсептелет.
5.2. Фонддун иш аракетин көзөмөлдөөнү төмөнкүлөр жүзөгө ашырышат:
v Уюштуруучу;
v Байкоочу кеңеш;
v Ревизор.
6.1. Уюштуруучунун негизги функциясы – Фонддун түзүлүү максаттарын сактоону камсыз кылуу.
6.2. Уюштуруучунун өзгөчө ыйгарым укуктарына төмөнкү маселелерди чечүү кирет:
7.ФОНДДУН АТКАРУУ ОРГАНЫ
7.1. Фонддун аткаруу органы болуп, Фонддун уюштуруучусу тарабынан дайындалган, Фонддун директору эсептелет.
7.2. Фонддун директору:
7.3. Фонддун директору Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар, юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде Фонддун атынан чыгат.
7.4. Фонддун директору өзүнүн буйругу менен өз милдеттерин аткарууну Фонддун кызматкерлеринин бирине өткөрүп берүүгө укуктуу. Эгерде Фонддун директору ооруп калгандыгына жана башка жагдайларга байланыштуу өз милдеттерин аткарууну Фонддун кызматкерлеринин бирине өткөрүп бере албаса, Фонддун директорунун милдетин аткаруучу Уюштуруучу тарабынан дайындалат.
7.5. Байкоочу кеңештин иш аракеттерин уюштурууну Фонддун директору ишке ашырат.
8.1. Фонддун Байкоочу кеңеши уюштуруучу тарабынан тандалат жана төмөнкүлөргө көзөмөл жүргүзөт:
v Фонддун иш аракеттерине;
v Фонддун органдарынын чыгарган чечимдерине жана алардын аткарылышына;
v Фонддун каражаттарынын колдонулушуна;
v Фонддун түзүлүү максаттарынын жана милдеттеринин сакталышына.
8.2. Байкоочу кеңештин курамына ар кандай өкмөттүк эмес уюмдардын, мекемелердин, ошону менен бирге Фонддун уставдык милдеттеринин аткарылышына маанилүү жардам көрсөткөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана жеке жактар кире алышат. Байкоочу кеңештин мүчөсү бир эле убакытта Текшерүү комиссиясынын мүчөсү боло албайт.
8.3. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарына төмөнкү маселелерди чечүү кирет:
8.4. Фонддун Байкоочу кеңеши 4 адам курамында тандалат. Байкоочу кеңеш жана анын төрагасы 3-5 жылдык мөөнөткө шайланат, бирок зарылдыкка жараша мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүлөт.
8.5. Байкоочу кеңештин мүчөлүгү төлөнбөйт, мүчөлөр жана анын төрагасы ишмердүүлүктөрүн коомдук негизде жүргүзүшөт.
8.6. Байкоочу кеңешинин чогулушу төрагасынын же кеминде эки мүчөсүнүн демилгеси менен чакырылат. Тандалып алынган мүчөлөрдүн жарымынан көбүнүн катышуусу кворум болуп эсептелет. Чечим токтом түрүндө жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. «Каршы» жана «каршы эмес» добуштары тең болуп калган учурда Байкоочу кеңештин төрагасынын чечими чечүүчү болуп саналат. Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Байкоочу кеңештин мүчөсү өзүнүн добушун бирөөгө өткөрүп берүүгө укуксуз.
8.7. Байкоочу кеңештин чечимдери чогулуштун жана чечимдин ошол эле күнү Уюштуруучуга жөнөтүлөт. Эгерде уюштуруучу ушул чечимге вето койбосо, чечим беш күндөн кийин күчүнө кирет.
8.8. Фонддун Байкоочу кеңеши төмөнкүлөргө укуктуу:
- Фонддун директорунан Фонддун иши жөнүндө ар кандай маалыматтарды, анын ичинде отчет жана бухгалтердик балансты берүүнү талап кылууга;
- Фонддун ишинин ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келишин көзөмөлдөйт;
- Фонддун мүлкүнүн, акча каражаттарынын жана башка материалдык баалуулуктардын туура пайдаланылышын контролдоо;
- Фонддун ишин текшерүү үчүн аудиторду тартат.
9. ФОНДДУН ФИНАНСЫЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ КОНТРОЛ ЖҮРГҮЗҮҮ
9.1. Фонддун финансылык ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик жана башка органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
9.2. Фонд мыйзамдарда белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчетторду жүргүзөт жана анын тактыгы үчүн жооп берет.
9.3. Уюштуруучунун жана / же Байкоочу кеңештин чечими боюнча Фонддун финансылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүлүшү мүмкүн.
9.4. Аудит Байкоочу кеңеш тарабынан дайындалган Аудитор тарабынан жүргүзүлөт. Текшерүүнүн тартиби, мөөнөтү Байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат.
9.5. Фонддун кызмат адамдары Аудитордун талабы боюнча текшерүү предметине байланыштуу бардык зарыл документтерди тапшырууга милдеттүү.
10. ФОНДДУН МҮЛКҮ
10. 1. Фонддун мүлкү материалдык жана финансылык ресурстар болуп саналат. Фонд өзүнүн ишин камсыз кылууга зарыл болгон акчалай каражаттарга, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, баалуу кагаздарга жана башка мүлккө ээ болушу мүмкүн.
10.2 Фонддун мүлкүн түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
10.3. Фонддун иш-аракеттеринин бардык түрлөрүнөн түшкөн кирешелер Фонддун уставдык максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле Фонддун иш-аракеттери үчүн зарыл болгон мүлктү сатып алуу үчүн пайдаланылат.
10.4 Фонддун каражаттарын эсепке алуу Уюштуруучу тарабынан пайдаланууга каралган бюджеттин негизги сметасынан өзүнчө жүргүзүлөт.
10.5 Фонддун директору ушул Уставда белгиленген компетенциянын чегинде Фонддун башкаруучусу болуп саналат.
11.1. Фондду кайра уюштуруу жөнүндө чечим Уюштуруучу тарабынан Фонддун Байкоочу кеңешинин сунушу боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча кабыл алынышы мүмкүн. Кайра уюштурулган учурда Фонддун мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңыдан түзүлгөн юридикалык жактарга өткөрүлүп берилет. 11.2 Фонддун ишин токтотуу (жоюу) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
11.3. Фонддун жоюлуусунда кредиторлор менен эсептешкенден кийин, калган мулк уюштуруучу жана анын кызматкерлеринин ж.б. ортосунда бөлүнүүгө тийиш эмес жана Фонддун милдеттерине жана ушул уставда көрсөтүлгөн максаттарга багытталат.
11.4. Фонддун иш аракеттеринин процессинде пайда болгон тиешелүү иш кагаздар эгер жабылып калса мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фондунда сактоого өткөрүлүп берилет.