Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2020-жылдын 22-июну № 31
Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына шаардын Чет-Булак АТОсунун аймагынан 0,43га жер аянтын бөлүп берүүгө жана трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-статьясынын 1;5-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралдагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105токтомун негизинде Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына 500 кВ тук аба чубалгысын куруу үчүн 0,43 га жер аянтын анын ичинде 8 (сегиз) даана зым тирөөчтөрүн орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө жана трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 15-июндагы №01-21/574 катын карап жана талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына шаардын Чет-Булак АТОсунун аймагынан 0,43 га жер аянтын бөлүп берүүгө жана айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы 0,43 га жер аянтын “өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына трансформациялоого (корторулууга) макулдук берилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Примкулов/ тапшырылсын
Төрага | А.Ташбеков |