Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2020-жылдын 22-июну № 32
Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун Курманжан Датка көчөсүнүн күн батыш тарабынан 0,10 га жер аянтына Кыргызгидрометтин станцияларын жана постторун жайгаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-статьясынын 1;5-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын 2020-жылдын 22-июндагы №02-6/313 катынын негизинде, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги БУУнун Дүйнөлүк азык түлүк Программасы уюмунун каржылоосу алкагында Автоматташтырылган метрологиялык станцияны (АМС) куруу планына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун Курманжан Датка көчөсүнүн күн батыш тарабынан 0,10 га жер аянтына Кыргызгидрометтин станцияларын жана постторун жайгаштырууга макулдук берилсин.
2.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын
Төрага | А.Ташбеков |