АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXVIII сессиясы
2020-жылдын 7-октябры № 118
Жер тилкесин мечит курууга бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине жана 32-берененин 4-пунктуна ылайык Торкент айылынын Бостектир участкасындагы Үсөн көчөсүнүн № 11- турак жай салууга берилген жер тилкесинен 0,05 га жер аянтын мечит курууга берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кенешинин VIII чакырылышынын XXVIII сессиясы карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Торкент айылынын Бостектир участкасынын Үсөн көчөсүнүн № 11- турак жай салуу үчүн Осмонбеков Бакытбек Салабатбековичке берилген 0,15 га жер тилкесинин ичинен 0,05 га жер аянтын өз макулдугунун негизинде мечит курууга бөлүнүп берилсин.
- Торкент айылынын Бостектир участкасынын Үсөн көчөсүнүн № 11- турак жай салуу үчүн Осмонбеков Бакытбек Салабатбековичке берилген 0,15 га жер тилкесинин ичинен өз макулдугунун негизинде 0,05 га жер аянтын мечит курууга Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу иши айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Э.Жуматаевге милдеттендирилсин.
- Жерге тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Токтогул райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын.
- Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасынын орун басары | К.Тууганбаев |