Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXVIII сессиясы
2020-жылдын 7-октябры № 119
COVID-19 пандемиясына байланыштуу муниципалитетке колдоо көрсөтүү аркылуу кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында айылдар, көчөлөр ортосунда өткөрүлүүчү сынактын жобосун бекитүү жөнүндө
Учурдагы КОВИД -19 пандемиясына байланыштуу ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында жашоочулардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында муниципалитеттерге убактылуу колдоо көрсөтүү үчүн “29”июль 2020-жылы Абды Суеркулов айыл өкмөтү менен биргеликте гранттык макулдашуу түзүшкөн, анын негизинде Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Абды Суеркулов айылдык кенешинин VШ чакырылышынын кезексиз ХХVПI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кеңештин төрагасынын орун басары | К.Тууганбаев |
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 07-октябрындагы VIII чакырылышынын XXVIII сессиясынын № 119 токтому менен бекитилген.
Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча
Абды Суеркулов айыл аймагынын
айылдарынын / участокторунун / кварталдарынын / көчөлөрүнүн ортосунда өткөрүлүүчү сынак жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Сынактын шарттары
III. Сынак өткөрүүнүн тартиби
IV. Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби
V. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи
I. Жалпы жоболор
1.1. Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын / участоктордун / кварталдардын / көчөлөрдүн ортосундагы сынак (мындан ары - сынак), тарифтерге негизделген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү чогултууну көбөйтүү жана стимулдаштыруу максатында өткөрүлөт.
1.2. Сынак Абды Суеркулов айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 30-сентябрына чейин Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте өткөрүлөт.
II. Сынактын шарттары
2.1. Сынакка катышуу Абды Суеркулов айыл аймагында Торкен, Кѳтѳрмѳ, Кара-Жыгач айылдарынын (айылдар, участоктор, кварталдар, көчөлөр) ортосунда төмөнкү кызматтар үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү максатында өткөрүлөт:
Кызматы | Кызмат көрсөтүүчү | Байланыш маалыматтары |
Ичүүчү суу менен камсыздоо же таштандылар | Муниципалдык ишкана же Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикме-лери (ИСККБ) | Телефону, дареги |
2.2. Сынакка катышуу үчүн тандалып алынган айыл аймактарынын айылдары жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчүнүн кызматтары үчүн 2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-сентябрына чейин чогултулган төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатууну жакшыртуулары керек.
2.3. Сынактын башталаар алдында жана аны өткөрүү процессинде, кызмат көрсөтүүчү катышкан аймактардагы көрсөтүлгөн кызматтарга болгон төлөмдөрдү чогултуунун учурдагы абалы жөнүндө айыл өкмөтүн маалымдайт.
2.4. Айыл өкмөтү сынактын жүрүшү жана учурдагы натыйжалары жөнүндө калкты үзгүлтүксүз маалымдап турат.
III. Сынак өткөрүүнүн тартиби
3.1. Айыл өкмөтү сынактын башталышы жөнүндө маалымат такталарында жайгаштыруу, тургундардын чогулуштарында жарыялоо жана анын өкүлдөрү (айыл башчылары) аркылуу калкка билдирет.
3.2. Сынакка катышууну каалаган аймактар өз өкүлүн тандайт жана ал айыл өкмөтүн сынакка катышуу жөнүндө маалымдайт. Айыл өкмөтү катышкан айылдардын тизмесин түзүп, алардын өкүлдөрүнө сынактын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турат
IV. Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби
4.1. Сынактык комиссия айыл өкмөтүнүн буйругу менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, жамааттардын лидерлеринен жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн түзүлөт.
4.2. Сынактык комиссия 2020-жылдын 15-октябрына чейин сынактын жыйынтыгын чыгарат жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн алынган маалыматтардын негизинде, 2020-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки мезгилдеги кызматтар үчүн акы чогултуунун пайызына жараша жеңүүчүлөрдү аныктайт.
4.3. Сынактык комиссиянын чечими протокол менен бекитилет жана жалпыга маалымдоо үчүн маалымат такталарына илинет.
V. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи
5.1. Сынактын байге фонду “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан берилген 35 миң сомду түзөт. Байге фонду акчалай түрдө берилбейт. Бул каражаттар жеңүүчү аймакты жакшыртууга жумшалат.
5.2. Жеңишке ээ болгон аймактын өкүлдөрү, өз тургундарынын чечиминин негизинде, берилген сумманын чегинде, аймакты жакшыртууга багытталган демилгелерди сунушташат.
5.3. Айыл өкмөтү байге акчаларын аймактын өкүлү менен макулдашылган демилгени каржылоого багыттайт.
5.4. Жылдын аягында айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүчүлөр менеy биргеликте айылдык аймактын тургундарына аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берет.