Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXVIII сессиясы
2020-жылдын 7-октябры № 120
COVID-19 пандемиясына байланыштуу муниципалитетке колдоо көрсөтүү аркылуу кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында айылдар, көчөлөр ортосунда өткөрүлүүчү сынак жөнүндө
Учурдагы COVID -19 пандемиясына байланыштуу ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында жашоочулардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында муниципалитеттерге убактылуу колдоо көрсөтүү үчүн 29-июль 2020-жылы Абды Суеркулов айыл өкмөтү менен биргеликте гранттык макулдашуу түзүшкөн, анын негизинде Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Абды Суеркулов айылдык кенешинин VШ чакырылышынын кезексиз ХХVПI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн ортосунда 29-июль 2020-жылы түзүлгөн гранттык макулдашуу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин, 35,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин киреше жна чыгаша бөлүгүнө алынсын, максаттуу пайдаланылышы камсыздалсын.
2. 35,0 миң акча каражаты айылдардын, көчөлөрдүн ортосунда өткөрүлүүчү сынактын жеңүүчүлөрүнө муниципалитет аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу учун жумшалсын.
3. Бул токтомду жогорудагы гранттык макулдашуунун талаптарына ылайык аткаруу Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин экономика, план,бюджет, чакан-орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасынын орун басары | К.Тууганбаев |