Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 116
Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Абды Суеркулов айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордунун штаттык бирдиги (1штаттык бирдик) бекитилсин.
2. Бекитилген штаттык бирдик тууралуу Токтогул райондук финансы бөлүмүнө билдирүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Анарбек кызы Гүлзадага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге жүктөлсүн.
Төрага | У.Бучуков |