Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,2007-жылдын 10-октябры ПЖ N 443 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттар тобунун, өлкө-нүн жарандарынын референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлган до-кументтердин долбоорлорунда саясый партиялардын ролун күчөтүү жана ча-гылдыруу боюнча сунуштар бар кайрылууларын эске алып, ошондой эле сая-сый партиялардын ишин колдоо жана документтердин аталган долбоорлорунунайрым жоболорун тактоо максатында токтом кылам: I бөлүм. "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добушберүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жыл-дын 19-сентябрындагы N 410 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизил-син: - аталган Жарлыкка тиркелген "Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын дол-боорунун I бөлүмүндө: 83-берененин 2-пунктунун экинчи абзацында биринчи сүйлөм алып са-лынсын; - аталган Жарлыкка тиркелген "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жө-нүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жањы редакциясы тууралуу" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 4 бөлүмүндө: 77-берененин 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда бе-рилсин: "2. Талапкерлеринин тизмеси: - бүтүндөй алганда республика боюнча шайлоочулардын тизмелеринекиргизилген шайлоочулардын добуштарынын 5 пайыздан азын; - ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча, шайлоочулардынтизмелерине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 0,5 пайыздан азыналган саясый партиялар бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык ман-даттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылат.". II бөлүм. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча Борбордук комиссиясы белгиленген тартипте жана аткаруу бийлик,жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен тыгыз өзара аракеттеКыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлору-нун жоболорун шайлоочуларга жеткирүү максатында алардын такталган текс-ттери менен референдум комиссияларын камсыз кылуу боюнча чараларды көр-сүн. III бөлүм. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев