Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 71 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин
2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 26 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген, өлкөнү маданий жана руханий жактан өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекет башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча анын тапшырмаларын аткарган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө Жобону Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
II. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
катчысынын милдеттери
4. Өлкөнү маданий жана руханий жактан өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекет башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына төмөнкүдөй милдеттерди чечүү жүктөлөт:
- прогресс жана маданий кайра жаралуунун негизинде коомдук ынтымакка жана саясий туруктуулукка, коомдун баш кошуусуна жетишүүгө карай концепциялык мамилелерди иштеп чыгуу;
- өлкөнү маданий жана руханий жактан өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен өлкөнүн коомчулугунун натыйжалуу өзара аракеттенишин камсыз кылуу;
- коомдук ынтымакка, саясий туруктуулукка жана коомдун баш кошуусуна жетишүүнүн иштелип чыккан концепциялык жолдорун жүзөгө ашырууга президенттик мониторинг жүргүзүүнү жана контролдук кылууну камсыз кылуу.
III. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
катчысынын функциялары
5. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- маданиятты, көркөм өнөрдү, руханий чөйрөнү, чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү;
- өлкөнү маданий жана руханий жактан өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты камсыз кылуу боюнча иштерди координациялоо;
- саясий партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, диний конфессиялар жана коомчулук менен өзара аракеттенүү, ушул чөйрөлөрдө мамлекет башчысы жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты түшүндүрүү;
- аялдарды, үйбүлөнү, жаштарды жана гендердик аспекттерди колдоого багытталган чараларды координациялоо;
- мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин чагылдырууну камсыз кылуу ишин координациялоо жана катышуу;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик органдар менен өлкөнүн коомчулугунун ишин координациялоо;
- коомду маданий жана руханий жактан өнүктүрүү маселелери боюнча четөлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын эларалык кызматташтыгын чындоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- өлкөнү маданий жана руханий жактан өнүктүрүү боюнча улуттук программаларды, долбоорлорду, идеяларды жана сунуштарды жүзөгө ашырууга контролдук кылуу;
- өлкөнү маданий жана руханий жактан өнүктүрүү маселелери боюнча эларалык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык өкүлчүлүктүү функцияларды аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин башка тапшырмаларын аткаруу.
(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 26 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
IV. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
катчысынын ыйгарым укуктары
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик байланыш системасынан жана коммуникациясынан пайдаланууга, аталган мамлекеттик органдардын маалыматтар банкынан пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын карамагына берилген маселелер боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууга;
- мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан ар кандай зарыл маалыматты, анын ичинде жашыруун маалыматты белгиленген тартипте суратууга;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин, Өкмөттүн жыйналыштарына, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин коллегияларына, башка мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына (кеңешмелерине) белгиленген тартипте катышууга;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын компетенциясына таандык маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринен маалымат суратууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, аткаруу бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына Кыргыз республикасынын Мамлекеттик катчысынын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү тапшырмаларды берүүгө;
- аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын, ошондой эле башка уюмдардын, илим-изилдөө мекемелеринин өкүлдөрүн, илимпоздорду жана адистерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын карамагына берилген маселелерди чечүүгө катышууга белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзүүгө.
V. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
катчысынын ишин камсыз кылуу
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы камсыз кылат.
8. Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү бар энчилүү бланктан пайдаланат.
10. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүргүзөт.