Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-февралы № 97
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун
Өзгөн районундагы Алтын-Булак, Мырзаке
айылдык кењештерине, Араван районундагы
Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кењештерине
депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 6-пунктун,
46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жана Кыргыз Республикасындагы
шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 7- жана 80-беренелерин
жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Алтын-Бу-
лак, Мырзаке айылдык кењештерине, Араван районундагы Нурабад, Тепе-Кор-
гон айылдык кењештерине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2008-жылдын
4-майына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык
өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын шайлоону да-
ярдоо жана өткөрүү үчүн финансы каражаттарын белгиленген тартипте бөл-
сүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарды сактоону камсыз
кылсын.
4. Ош облусунун Өзгөн жана Араван райондорунун мамлекеттик адми-
нистрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-
ры шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапаттуу тизмеси менен камсыз
кылсын жана аларга шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу жана мате-
риалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев