Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 26-майы ПЖ № 288
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн
оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасын реформалоону андан ары улантуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу Башкы башкармасы менен түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгон жана камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча Департаментинин финансылык-чарбалык, оперативдүү жана башка иштерине контролдук кылуу механизмин түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү эмгек акы фонду менен 18 кишиден турган штаттык бирдикти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу Башкы башкармасынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берилүүчү жазаларды аткаруу Башкы башкармасынын кызматкерлеринин штатына Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык жеңилдиктер жана артыкчылыктар сакталып калсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |