Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 17-апрели ПЖ № 135
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик
согуштун ардагерлерине социалдык колдоо
көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 63 жылдыгын майрамдоо менен
согуш жылдарындагы кыргызстандыктардын эмгектик эрдигин татыктуу баа-
лоо, ошондой эле согуштун ардагерлерине материалдык колдоо көрсөтүү
максатында токтом кылам:
1. Төмөнкүлөргө бир жолку кошумча акчалай жөлөкпул бөлүнсүн:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына,
1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу
мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмда-
рында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйлан-
ган адамдарга, жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен
сыйланган адамдарга, экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана
алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка маж-
бурлап кармоо жерлериндеги мурдагы жашы жетелек туткундарына - 2000 сом
өлчөмүндө;
- Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин
үйбүлөлөрүнө; Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарман
эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери
жана медалдары менен сыйлангандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун жылда-
рында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз зомбулук менен
мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 500 сом
өлчөмүндө.
2. Бул Жарлыктын 1-пункту менен каралган акчалай каражаттарды
төлөө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине
2008-жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүүлөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыгуучу фи-
нансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү жарлыктары күчүн
жоготту деп табылсын:
- 2000-жылдын 9-февралындагы № 28 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата
Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоонун кошумча чара-
лары жөнүндө";
- 2004-жылдын 5-майындагы № 156 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-
кендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча ча-
ралар жөнүндө";
- 2005-жылдын 2-мартындагы № 63 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-
кендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча ча-
ралар жөнүндө";
- 2007-жылдын 2-майындагы № 212 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Ме-
кендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча
чаралар жөнүндө".
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев