Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 19-марты ПЖ № 110
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундары боюнча квалификациялык талаптардын биримдигин камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" бөлүмүндө:
II топтогу "Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кењешчиси" деген сап алып салынсын;
III топтогу "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы" деген сап алып салынсын;
III топтогу "Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы - протокол кызматынын жетекчиси" деген сап "Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматынын жетекчиси" деген сап менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген N 2 тиркеменин 9-главасындагы "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Россия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы өкүлчүлүктөрү" бөлүмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Россия
Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы
өкүлчүлүктөрү"
-----------------------------------------------------------------------
| Башкы кызмат орду |
|---------------------------------------------------------------------|
|Б2 |Өкүлчүлүктүн жетекчиси |
|------|--------------------------------------------------------------|
|Б3 |Өкүлчүлүктүн жетекчисинин орунбасары |
|---------------------------------------------------------------------|
| Улук кызмат орду |
|---------------------------------------------------------------------|
|У2 |Сектор башчы |
|------|--------------------------------------------------------------|
|У3 |Башкы адис |
|---------------------------------------------------------------------|
| Кенже кызмат орду |
|---------------------------------------------------------------------|
|К1 |Адис |
-----------------------------------------------------------------------
Эскертүү:
- Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кењешчиси катарында аккредитациясы менен өкүлчүлүктүн жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Элчилигинин биринчи катчысы катарында аккредитациясы менен өкүлчүлүктүн жетекчисинин орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Элчилигинин биринчи катчысы катарында аккредитациясы менен сектор башчы;
- Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атташеси катарында аккредитациясы менен башкы адис.".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |