Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 7-майы ПЖ № 157 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына"улуттук" деген статус берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында токтомкылам: 1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына"улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 Жарлыгына төмөнкүдөй өз-гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынынмамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүнтартиби жөнүндө Жобонун: 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына"улуттук" деген статус берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратына алдын ала кароого министрликтер, мамлекеттик коми-теттер, администрациялык ведомстволор тарабынан киргизилет. Комиссиянынкароосуна киргизилүүчү ар бир өтүнүчкө маселенин мањызын баяндоо менен,негиздемеси жана тийиштүү финансылык эсептери менен маалымкат тиркелишикерек. Документтер мамлекеттик жана расмий тилде берилет. Комиссиянын иши Комиссиянын жооптуу катчысынын жетекчилиги астындаанын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын со-циалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан камсыз кылынат. Кызмат орду боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы болуп Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчы-сы эсептелет."; жобо төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүжөнүндө өтүнүчтөрдү жана башка документтерди карайт, Кыргыз Республика-сынын мыйзамына ылайык алар боюнча корутунду чыгарат жана документтердиКомиссиянын биротоло кароосуна жөнөтөт."; - 5-6-пункттар тиешелүү түрдө 6-7-пункттар болуп эсептелсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыккаылайык келтирсин. 3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына"улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жанатолуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин2007-жылдын 8-июнундагы № 298 Жарлыгынын 1-пунктунун үчүнчү жана алтын-чы абзацтары күчүн жоготту деп табылсын. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев