Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-майы ПЖ № 171              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ                  "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө      Мамлекеттик башкаруу   органдарынын   түзүмүн  өркүндөтүү, алардынишиндеги бири-бирин  кайталоону жана удаалаштыкты жоюу боюнча админист-рациялык реформаны андан ары турмушка ашыруу, ошондой эле аларды күтүү-гө бюджеттик  каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында токтом кы-лам:     1. Кинематографиянын функцияларын жана мамлекеттик уюмдарын КыргызРеспубликасынын Маданият  жана маалымат министрлигине өткөрүп берүү ме-нен "Кыргызкино" улуттук концерни жоюлсун.     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:     - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ал-дында же анын курамында кинематография тармагына кураторлук кылган тие-шелүү түзүмдү түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;     - кинематографиянын  мамлекеттик  уюмдарынын жетекчилерин дайындооКыргыз Республикасынын  маданият жана маалымат министринин чечими мененжүзөгө ашырыла тургандыгын карасын;     - "Кыргызкино" улуттук концернин жоюунун эсебинен Кыргыз Республи-касынын Маданият жана маалымат министрлигинин штаттык санын көбөйтсүн;     - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу,  финансылык жана башка ма-селелерди чечсин;     - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.     3. "Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик киновидеокомпаниясын кайратүзүү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-фев-ралындагы № 56 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.     4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.     5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.          Президент                                     К.Бакиев