Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 22-апрели ПЖ № 145 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзгөн текшерүүлөргө мораторий жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу башка контролдоочу органдары жүзөгө ашыруучу ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыскартуу жөнүндө Ишкерлик субъекттеринин ишине ашыкча кийлигишүүнү жоюу, инвестици-яларды тартуу үчүн айрым шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын бюджетине салыктардын келип түшүшүн арттыруу максатында, КыргызРеспубликасынын
Конституциясынын 42-беренесин жетекчиликке алып, токтомкылам: 1. Ыктыярдуу патенттик негизде салыктарды төлөө, жоюу жөнүндө иш-керлик субъекттеринин арыздары менен байланышкан, ошондой эле башка өл-көлөрдүн салык органдарынын суроо-талаптары боюнча текшерүүлөрдү кошпо-гондо, ушул Жарлык жарыяланган күндөн тартып 2008-жылдын 31-декабрыначейин Кыргыз Республикасынын Салык кызматы жүргүзүүчү ишкерлик субъект-терин текшерүүгө мораторий жарыялансын. 2. Кыргыз Республикасынын Салык кызматын кошпогондо, ыйгарым укук-туу контролдоочу органдар ишкерлик субъекттерин текшерүүнүн санын кыс-картсын. Бул Жарлык күчүндө болгон мезгилде текшерүүлөрдүн чектелгенсаны 2007-жылы жүзөгө ашырылган текшерүүлөрдүн санынын 30 пайызы өлчө-мүндө белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкерлик субъекттерин текшерүү-лөргө мораторийди натыйжалуу жүргүзүү жана алардын санын кыскартуу бо-юнча чаралардын комплексин иштеп чыксын, мында төмөнкүлөрдү карасын: - мораторий күчүндө турган мезгилде Кыргыз Республикасынын бюдже-тине салыктардын келип түшүшүн арттырган ишкерлик субъекттерин2008-жылдагы ишин текшерүүгө келечекте Кыргыз Республикасынын Салыккызматына тыюу салууну. Мындай ишкерлик субъекттерин андан аркы текше-рүү 2008-жылдагы мезгилди козгоого тийиш эмес; - ишкерлик субъекттеринин салыктарынын келип түшүшүнүн өсүшүнаныктоонун критерийлерин бир айлык мөөнөттө иштеп чыгууну; - ишкерлик субъекттерин текшерүүлөргө мораторийдин колдонулушунунжана алардын санын кыскартуунун натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республика-сынын Президентинин Администрациясына ар айдагы отчеттуулукту. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана2008-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. "Эркинтоо" гезитинде 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 30 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев