Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ N 237 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-июну ПЖ № 200
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Финансылык
полиция кызматы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июнундагы № 112 Мыйзамына
ылайык токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2009-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 2. (КР Президентинин 2009-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) ыштардын экономикалык түрлөрүн табууга, алдын алууга, жоюу-
га, бетин ачууга жана тергөөгө багытталган.
3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин
бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
27-августундагы № 385 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын
саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1
тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүндөгү "Кыргыз
Республикасынын аткаруу бийлиги" бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнө караштуу администрациялык ведомстволор" деген бөлүмчөсүндө:
III топто "Финансы полициясынын директору" деген сап алып салын-
сын;
IV топто "Финансы полициясынын директорунун орунбасары" деген сап
алып салынсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген " Кыргыз Республикасы-
нын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген №2
тиркеменин 15-главасында:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы" деген
бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы";
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү караштуу Финансы полициясынын ай-
мактык бөлүмдөрү" деген бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын аймактык бө-
лүмдөрү".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын мамлекеттик
кызматчыларынын ишин жана эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча
сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматын түзүү менен
байланышкан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-
дык саясат бөлүмүнө жана коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө
жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев