Редакцияот 04.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-июну ПЖ № 191              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ                 Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган              шартында калктын аялуу катмарына социалдык              колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө      Калктын социалдык  аялуу  катмарына максаттуу жана иштиктүү мамле-кеттик колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында токтом кылам:     1. Азык-түлүккө  баанын кескин жогорулаган шартында финансылык ка-ражаттарды топтоо жана аларды калктын социалдык аялуу катмарынын  баку-баттуулук  дењгээлине  колдоо көрсөтүүгө жумшоо үчүн дайындалган атайынэсепти ачуу максатка ылайык деп эсептелсин.     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:     - калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүгө атайын  эсепачсын;     - аны түзүүнүн булактарын жана ар жылдагы толтуруу көлөмүн аныкта-сын;     - уюштуруу,  финансылык,  материалдык-техникалык жана эсепти  ачууменен байланышкан башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин;     - өз ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.     3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.     4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев