Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-февралы ПЖ № 71 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн абалын жакшыртуу жөнүндө "Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонунтартиби жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо жана аткарууэњ маанилүү социалдык маселелерди, мамлекеттик түзүлүштүн учурдагы жанакелечектеги маселелерин комплекстүү талдоого ар бир кайрылуудан конк-реттүү адамдын күндөлүк таламдарын жана жашоо тиричилигинин көйгөйлөрүнкөрүүгө мүмкүнчүлүк берген мамлекеттик иштин негизги принциптеринин би-ри болуп саналат. Бирок соњку мезгилде республиканын бардык региондорунан калктын аркандай көйгөйлүү маселелери боюнча арыздардын жана даттануулардын агымыкескин көбөйдү, алардын көбүнүн чечилиши жергиликтүү бийлик органдары-нын түздөн-түз компетенциясына кирет жана Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин анын Администрациясынын жана республиканын Өкмөтүнүн тикелейкийлигишүүсүн талап кылбайт. Калктан келип түшкөн кайрылууларды талдоо көрсөтүп тургандай, ми-нистрликтердин, мамлекеттик жана администрациялык ведомстволордун ишин-де жарандардын арыздарын жана даттанууларын ар тараптан калыс жана өзубагында текшерүү жөнүндө талаптардын бузулушу орун алып, ыксыз создук-туруу, негиздүү өтүнүчтөргө жана сигналдарга кунт койбостон кайдыгер,формалдуу-бюрократтык мамиле кылуу фактылары жоюлбай жатат. Ачык-айкындаттануу боюнча атайын түзүлгөн комиссиялар кат жазган адамдар мененжолугушпай, маселени үстүртөн жана бир беткей иликтеген учурлар жолу-гат. Каттын авторлору биринчи жолку кайрылууга жооп алынбагандыгыжөнүндө, курулай жооп берүүлөр, арызда коюлган маселелерге толук жоопберилбегендиги же мањызы боюнча жооп берилбегендиги жөнүндө, ошондойэле жер-жерлердеги аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзал-дынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кабылдамасына кирүү мүмкүнэместиги жөнүндө көрсөтүшкөн. Мына ушундай кемчиликтердин бардыгы жарандардын адилеттүү доомат-тарын пайда кылып аларды өлкөнүн Президентине жана республиканынӨкмөтүнө кайрадан кайрылууга аргасыз кылып жатат. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-домстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдарынын жарандардын сунуштары, арыздары жанадаттануулары менен иштөөсүн өркүндөтүү максатында токтом кылам: 1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардын башчыларынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчы-ларынын аппараттарда жана ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө жанамекемелерде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү туура уюштуруу, "Жа-рандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонун тартибижөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын катуу сакталышы үчүн жеке-че жоопкерчилиги белгиленсин. 2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-лык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарынын жетекчилери: - жарандардын жазуу жана оозеки кайрылуулары менен иштөөнү өз иши-нин артыкчылыктуу багыттарынын бири деп эсептесин; - ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрдө жарандардын сунуштарын, арызда-рын жана даттанууларын кароонун талаптагыдай тартибинин сакталышын ту-руктуу текшерип, алардын жетекчилерин бул иштин абалы жөнүндө мез-гил-мезгили менен отчет берип турууга милдеттендирип, күнөөлүүлөргө ка-рата коомчулукка маалымдоо менен ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейинчара көрсүн; - жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алууну туруктуужүргүзсүн, мурда кабыл алынган жана кабылдоонун жүрүшүндө кабыл алынгантапшырмаларды жана чечимдерди аткарууга катуу контролдук кылсын; - жарандардын келип түшкөн кайрылууларын, алардын мүнөзүн, каттар-дын кыймылын жана географиясын, кайталанган жана жамааттык кайрылуулар-ды маалыматтык-статистикалык талдоону өркүндөтүү боюнча ишти күчөтсүн; - сынды кысымга алуу, каттардын жана кайрылуулардын авторлорун ку-угунтуктоо, бюрократизм жана ыксыз создуктуруу фактыларын чечкиндүүжойсун. 3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери: - кыйла актуалдуу маселелер жер участкаларын жана турак-жай бөлүү,ипотекалык кредит берүү, жењилдетилген кредиттерди жана ссудалардыберүү, паспорт алуу, материалдык жардам бөлүү жана ж.б. боюнча калкарасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн; - жерине баруу менен жарандар менен жекече жолугушууларды, "ачыкэшик күндөрүн" туруктуу өткөрсүн жер-жерлерде социалдык-тиричилик масе-лелерин чечсин ошондой эле олуттуу маселелер боюнча жалпыга маалымдоокаражаттарына чыксын; - коллегияларда жарандардын жазуу жана оозеки кайрылуулары менеништөө жөнүндө квартал сайын отчетторун угуп, аларды кароонунмөөнөттөрүнө өзгөчө көњүл бурсун; - жарандардын кайталап кайрылууларынын материалдары, жамааттыккаттар, кызмат адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалан-гандыгы жөнүндө маалыматтардан турган каттар боюнча кызматтык териш-тирүү жүргүзүлсүн, алардын жыйынтыктары министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийликоргандарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегияла-рында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарындаугулсун. Бул маселелер боюнча милдеттүү түрдө Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратына маалымат берилсин. 4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы-нын Конституциясы жана жогоруда аталган Мыйзам менен ага берилген ыйга-рым укуктарга ылайык министрликтердин мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдарынын, жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча баш-каруу органдарынын даттанууларды жана арыздарды кароосуна прокурордуккөзөмөлдү күчөтүп, аны бузгандарды мыйзам боюнча катуу жоопкерчиликкетартсын. 5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жарандардын арызберүү жана кароо маселелерин кошуп алганда укуктук пропаганда, калктыукуктук тарбиялоо жана окутуу жагындагы ишти күчөтсүн жана жалпыга маа-лымдоо каражаттары - телекөрсөтүү, радио жана басма сөз аркылуу ти-йиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы өз колле-гиясында жылына кеминде бир жолу министрликтердин, мамлекеттик комитет-тердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органда-рынын жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жарандардынарыздары жана даттануулары менен иштөө жөнүндөгү маалыматын уксун. Жа-рандардын арыздары жана даттануулары менен канааттандырарлык эмес иштөөфактылары белгиленген учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттер-дин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдары-нын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына ээлеген кызмат-тарынан бошотууга чейинки Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгантаасир көрсөтүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизсин. 7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 17-январындагыN 27 "Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен иштөөсүн ан-дан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгы күчүн жоготту дептабылсын. 8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн. 9. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев