Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-июну ПЖ № 206
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
"Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы
майыптардын иши боюнча Кењеш жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Президентинин 1998-жылдын
28-ноябрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши бо-
юнча Кењештин ишин өркүндөтүү максатында, ошондой эле кадрдык өзгөрүү-
лөргө байланыштуу токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши
боюнча Кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын
28-ноябрындагы № 363 Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Президентинин алдындагы майыптардын иши боюнча Кењештин курамы төмөнкү-
дөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин
алдындагы майыптардын иши боюнча Кењештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кењештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-
лык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысы;
Кыргызстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын төрагасы (макулда-
шуу боюнча);
Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун борбордук башкармасынын
президенти (макулдашуу боюнча);
майып аялдардын республикалык көзкарандысыз ассоциациясынын прези-
денти (макулдашуу боюнча);
майып балдардын ата-энелеринин республикалык ассоциациясынын төра-
гасы (макулдашуу боюнча);
Майып балдарды даярдоо боюнча окуу борборунун директору (макулда-
шуу боюнча).".
2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 28-ноябрында-
гы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши бо-
юнча Кењеш жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 1-августундагы № 250 Жарлыгы
күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев