2006-жылдын 3-марты ПЖ N 95 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Саясий, экономикалык, маданий жана соода чөйрөсүндө кыргыз-россия-лык кызматташтыкты андан ары чыњдоо максатында токтом кылам: 1. 2003-жылы 22-сентябрда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагыКыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялыкөкүлчүлүгүн жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы дипло-матиялык өкүлчүлүгүн жайгаштыруунун шарттары жөнүндөгү Макулдашуугаылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касынын Москва шаарындагы: Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 62/1үй, 1-курулуш жана 64-үй, 1- жана 4-курулуштар дарегиндеги Кыргыз Рес-публикасынын Элчилигинин имаратын Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүмаселесин Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары-нын карашын жана чечим кабыл алышын тездетсин. 2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Элчилигинин алдын-да Кыргыз маданий борбору (мындан ары - Борбор) түзүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кыз-маткерлеринин санынын чеги кењешчинин кызмат орду менен бир бирдиккекөбөйтүлсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - алдында соода үйүнүн иштешин кароо менен Борборду түзүү жанаанын иштеши менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин; - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин има-ратын капиталдык ремонттоону жана реставрациялоону, Элчиликтин аймагын-да кошумча имаратты курууну жана Борбордун имаратын, ошондой эле Москвашаарында Манастын эстелигин курууну жана орнотууну финансылоону камсызкылсын. 5. "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасына жана Кыргыз Республи-касынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлиги менен макулдашуу боюнча эларалык тажрыйбаны эске алууменен өзара пайдалуу келишимдик негизде инвесторлорду жана курулуш ком-панияларын тартуу аркылуу элчиликтин аймагында кошумча имаратты курууменен Элчиликтин имаратын долборлоого капиталдык ремонттоого жана рес-таврациялоого жана Москва шаарында борборду курууга белгиленген тартип-те уруксат кылынсын. 6. "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республика-сынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын РоссияФедерациясындагы Элчилигинин Имаратын капиталдык ремонттого жана рес-таврациялоого, ошондой эле соода үйү менен Кыргыз маданий борборун ку-рууда тендердик негизде заказчы катары чыксын. 7. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Кыргыз Респуб-ликасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарында Манастын эс-телигин куруу жана орнотуу боюнча уюштуруу маселелерин чечсин жана за-казчы катары чыксын. 8. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагыПЖ № 223 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-йык келтирсин. 10. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев