Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 25-августу ПЖ № 286
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Жүргүнчүлөрдү ташыган "Боинг-737" самолетунун кыйрашынын
кесепетинен каза болгондор боюнча Кыргыз Республикасында
2008-жылдын 26-августун аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө
2008-жылы 24-августта кечинде эл аралык "Манас" аэропортунан алыс
эмес жерде болгон авиакатастрофанын кесепетинен Бишкек-Тегеран авиа
каттамы боюнча бараткан "Боинг-737" авиалайнери кыйраган.
Авиакатастрофа Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле
чет мамлекеттердин жарандары болуп саналган айрым жүргүнчүлөрдүн өлүмү-
нө алып келген, бул авиакатастрофада жапа чеккендерге кечиктирилгис
жардамдар көрсөтүлүп жатат.
Курман болгондор боюнча терењ кайгыруу билдирип, алардын тууганда-
рына жана жакындарына терењ кайгыруу менен көњүл айтып жана кайгысын
бөлүшүү менен токтом кылам:
1. Жүргүнчүлөрдү ташыган "Боинг-737" самолетунун кыйрашынын кесе-
петинен каза болгондор боюнча Кыргыз Республикасында 2008-жылдын 26-ав-
густун аза күтүү күнү деп жарыялансын.
2. Аза күтүү күнү зарыл иш-чаралар жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- төмөнкүлөрдү жасоо боюнча болгон чараларды көрсүн:
авиакатастрофанын кесепетинен жарандары курман болгон же жапа чек-
кен чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү менен өз ара макулдашылган аракет-
терди жасоо;
курман болгондордун жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө жардам
көрсөтүү, авиакатастрофанын залалдарын жоюу;
- атайын өкмөттүк комиссия тарабынан авиакатастрофанын себептерин
иликтөөнүн натыйжасы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу самолеттордун учуу
коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин жүргүзсүн.
4. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев