Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 25-сентябры ПЖ № 344 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аталышын өзгөртүү жөнүндө Республиканын саламаттыкты сактоо системасынын жана медициналыкилиминин өнүгүшүнө жана калыптанышына сињирген эмгегин, жогорку квали-фикациялуу медициналык кадрларды даярдоого кошкон зор салымын эскеалып, ошондой эле коомчулуктун Кыргыз мамлекеттик медициналык академия-сына академик Ахунбаев Иса Коноевичтин ысмын берүү жөнүндө сунушун кол-доп жана анын 100 жылдыгынын урматына токтом кылам: 1. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына академик АхунбаевИса Коноевичтин ысмы берилсин жана мындан ары "И.К.Ахунбаев атындагыКыргыз мамлекеттик медициналык академиясы" деп аталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө: - жогоруда аталган окуу жайына И.К.Ахунбаевдин ысмын берүү мененбайланышкан маселелерди чечсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев