Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 317
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын УСТАВЫ I. Жалпы жоболор 1. Мындан ары "Корпорация" деп атала турган Кыргыз РеспубликасынынУлуттук телерадиоберүү корпорациясынын негизги максаты Кыргыз Республи-касынын аймагына жана андан сырткары жерлерге объективдүү жана толуктелерадиоберүү продукцияларын даярдоо жагындагы мамлекеттик саясаттыжүзөгө ашыруу болуп саналат. 2. Корпорация - мамлекеттик мекеменин статусуна ээ болгон мамле-кеттик телерадио уюму. Корпорация юридикалык жак болуп саналат, өз ал-дынча балансы, эсеп-кысабы, бекитип берилген мүлкү, өзүнүн символикалыкбелгилери, Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү бар, аталышы мамле-кеттик жана расмий тилдерде жазылган тегерек мөөрү бар жана ал соттодоочу жана жоопкер катары чыга алат. 3. Корпорация өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын,Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы мыйзамдарын,"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйза-мын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушулУставдын жоболорун, Корпорациянын ички Жоболорун, ошондой эле мыйзамдабелгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болупсаналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат. 4. Корпорациянын иш кагаздары кыргыз жана орус тилдериндежүргүзүлөт. Жумушчу тил болуп кыргыз жана орус тилдери саналат. 5. Корпорациянын расмий толук аталышы: мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүүкорпорациясы; расмий тилде: Национальная телерадиовещательная корпорация Кыр-гызской Республики; Корпорациянын кыскартылган аталышы: мамлекеттик тилде: КР УТРК; расмий тилде: НТРК КР. 6. Корпорациянын жайгашкан орду: Кыргыз Республикасы, 720010, Биш-кек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59-үй. 7. Корпорация Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында региондукөкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды уюштурууга укуктуу. 8. Өз функцияларын аткарууда Корпорация төмөнкү принциптерди бекемжолдойт: калыстык, объективдүүлүк, чынчылдык, ачыктык, өнөктөштүк, на-тыйжалуулук, автономиялуулук, экологиялык коопсуздук. II. Корпорациянын максаттары, милдеттери жана ишинин өзөгү 9. Корпорациянын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр сана-лат: - кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган баш-ка этностордун билим алуу жана руханий керектөөлөрүн канааттандыруу,маданиятты, тилдерди, салттарды өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү; - Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жанарадиоуктуруу мейкиндигин түзүү жана анын дүйнөлүк маалымат процессинекиришин жигердештирүү; - демократиялык багыттагы өлкө катары анын дурус имиджин түзүү жа-на колдоо. 10. Корпорациянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - улуттук телерадиоберүүнү ата-мекендик жана дүйнөлүк маданияттынэњ жакшы салттарына ылайык жүргүзүү; - коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту жана мамле-кеттин бүтүндүгүн сактоого көмөк көрсөтүүчү маалымат саясатын жүргүзүү; - өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, жарандык тынчтыкты сактоого жаначыњдоого көмөк көрсөтүү; - бирдиктүү маркетингдик, маалыматтык жана жарнамалык саясаттыжүргүзүү; - Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдөгү социалдык-саясый жана башкаокуялар жөнүндө, өзгөчө окуялар жана калктын өмүрүнө же ден соолугунакоркунуч келтирүүчү жагдайлар жөнүндө телекөрүүчүлөргө тез арада маа-лымдоо, расмий билдирүүлөрдү элге таркатуу, мамлекеттик органдардын жа-на жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин маалымдоо; - ар бир адамдын укуктарын сактоо жана урматтоо максатында журна-листиканын бийик стандарттарын камсыз кылуу; - экономикалык, публицистикалык, маданий-билим берүү, көркөм, оку-туучу, оюн-зоок, спорттук телепрограммаларды, ошондой эле балдар жанаөспүрүмдөр үчүн телепрограммаларды жогорку кесиптик, көркөм жана техни-калык дењгээлде түзүү жана жайылтуу; - Кыргыз Республикасынын эл аралык байланыштарын чыњдоого, анындүйнөдөгү кадыр-баркын өстүрүүгө көмөк көрсөтүү. 11. Корпорация өз максаттарына жетүү үчүн: - республиканын аймагында, ошондой эле дүйнөлүк маалымат тармагын-да телерадиоберүүлөрдү жүзөгө ашырат; - мамлекеттик телерадиоберүүлөрдүн материалдык-техникалык базасынөркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган зарыл иш-чараларды жүргүзөт; - телекөрсөтүүнүн, радиоуктуруунун, маалымат жана коммуникациялар-дын адистерине даярдоону уюштурат; - чет мамлекеттердин телерадио уюмдары менен кызматташтыктыөнүктүрөт жана өз ара пайдалуу шарттарда алар менен чыгармачылык, тех-никалык жана башка маселелер боюнча келишимдерди түзөт; - аудиовизуалдык техника жана технология жагында дүйнөлүк аналог-дорду пайдалануу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүнбирдиктүү саясатын иштеп чыгууга катышат; - улуттук кенч болуп саналган теле- жана радиоберүүлөрдү сактоонукамсыз кылат; - телерадиоберүү жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багытта-рын, телерадиоберүүгө байланышкан мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуш-тарды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат. III. Корпорациянын укуктары жана милдеттери 12. Корпорация төмөнкүлөргө укуктуу: - ээ болууга Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чек коюлганмаалыматтардан тышкары мамлекеттик, муниципалдык, коомдук, жеке уюмдар-дан, мекемелерден, ишканалардын жана алардын кызмат адамдарынан теле-көрсөтүү жана радио боюнча билдирүүлөрдү даярдоо үчүн зарыл маалымат-тарды алууга; - өз ишин маалыматтардын объективдүүлүк, тактык, калыстык жанатењдештик принциптерине ылайык өз алдынча түзүүгө; - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түзгөнпродукциясын, алган кирешесин жана башка каражаттарды тескөөгө, автор-дук укуктардан пайдаланууга; - филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, башка аймактык жана ведомство-лук бөлүмдөрдү, чыгармачыл топторду жана кабарчылар пункттарын (аныничинде чет өлкөлөрдө) түзүүгө (жоюуга) жана өз карамагында ээлик кылуу-га, алар жөнүндө Жобону бекитүүгө же күчүн жоготту деп табууга; - Корпорациянын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, Корпорация-нын башка ведомстволук жана региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерининштаттык санын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган Корпорациянынсанынын чегинде аныктоого; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишжүргүзүүгө; - ижарага алган техникалык каражаттардын жана ободогу байланыш ка-налдарынын ишинин сапатын контролдоого; - берүүлөрдүн формасын, көлөмүн жана убактысын өз алдынча аныктоо-го, ата-мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүшчүлөрдөн, ошондой эле жекежактардан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынынмыйзамынын талаптарын эске алуу менен аудио- жана видео продукцияларды,телерадиопрограммаларды, кинофильмдерди сатып алууга; - ата-мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүшчүлөрдүн, ошондой эле жекежактардын видеопродукцияларынын укук ээлери менен макулдашуу менен акы-сыз негизде жайгаштырууга; - өзүнүн аудио- жана видео продукцияларын, фонддук жазууларын са-тып өткөрүүгө, республиканын жана чет өлкөлөрдүн телерадиоуюмдары менентелепрограммаларды жана фильмдерди алмашууга; - Корпорациянын адистерин даярдоого, кайра даярдоого жана квалифи-кациясын жогорулатууга; - түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык Корпорациялардын ишинизилдөөнү жана текшерүүнү (анын ичинде комплекстүү) жүргүзүүгө, алардыннатыйжасы боюнча аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнчачараларды көрүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген консуль-тациялык жарнама-басма, окутуу жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, продукци-яларды, жабдууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууга,тендер өткөрүүгө; - нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволукченемдик актыларды чыгарууга, алардын аткарылышына контролдук кылууга; - зарыл маалыматтык-презентациялык материалдардын, аудио-видеофильмдердин жана башка иштердин буюртмачысы катары чыгууга; - телекөрсөтүүнүн жана радионун маселелери боюнча координациялык,эксперттик кењештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчутопторду түзүүгө; - Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча илимий мекеме-лерди, илимпоздорду жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү кели-шимдик негизде тартууга; - белгиленген тартипте, ведомстволук ишканаларды жана мекемелердитүзүүгө, кайра уюштурууга же жоюуга, алар жөнүндө жобону бекитүүгө жекүчүн жоготту деп табууга; - өздөрү, башка жактар түзгөн уюмдардын катышуучусу (уюштуруучусу)катары чыгууга; - акы төлөнүүчү консультацияларды, маалымат-аныктама жана башкакызматтарды келишимдик негизде көрсөтүүгө; - финансы-чарбалык ишке, өзүнүн филиалдарындагы,өкүлчүлүктөрүндөгү, аймактарындагы жана ведомстволук бөлүмдөрүндөгүбухгалтердик эсепке контролдук кылууга; - телерадиоберүү маселелери боюнча ар кандай ассоциацияларга, со-юздарга жана башка эл аралык коомдук уюмдарга кирүүгө; - Корпорациянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө, ошондойэле башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес телерадио компанияларга те-лекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынынталаптарын эске алуу менен келишимдик негизде ободон убакыт берүүгө; - Корпорациянын кадрларынын квалификациясын жогорулатууга байла-нышкан өкүлчүлүк чыгымдарды, иш-сапардык чыгымдарды, автотранспортту,уюктук байланыш, телефон-телеграф кызматтарын атайын каражаттардын эсе-бинен, эгерде бул максаттарга бюджеттик каражаттар жетпесе, күтүү боюн-ча чыгымдардын жалпы суммасынын ордун толтурууга; - региондук телерадиокомпаниялардын чыгармачылык жана чарбалык иш-терине көмөк көрсөтүүнү камсыз кылууга жана аларга усулдук, практика-лык, техникалык жана башка жардам көрсөтүүгө; - ар кандай телерадио конкурстарды, оюндарды, шоу жана концерттер-ди, анын ичинде коммерциялык негизде өткөрүүгө; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле ишканалар, уюмдар, ме-кемелер, ата-мекендик жана чет өлкөлүк телерадиокомпаниялар, жеке жак-тар менен эркин жана үзүрлүү чыгармачыл-өндүрүштүк кызматташтык үчүншарт түзүү максатында келишимдик негизде өз ара аракеттенүүнү камсызкылууга; - Корпорацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүргүзүүгө. 13. Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү: - республиканын бүткүл аймагына анык, объективдүү, калыс жанатењдештирилген маалыматтарды, анын ичинде үчүнчү жактардан алынган маа-лыматтарды таркатууга; - коом талап кылган бардык багыттарды көњүлгө алуу менен програм-малардын ар түрдүүлүгүн камсыз кылууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ма-алыматтарды таркатууда автордук жана аралаш укуктарды сактоого; - Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ку-пуя маалыматтарды таркатууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын эске алуу мененжарнамаларды таркатууга; - мамлекеттик телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасынөркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган зарыл иш-чаралардыжүргүзүүгө; - телерадиоберүү жагында чет өлкөлүк телерадиоуюмдар менен кызмат-таштыкты өнүктүрүүгө; - аудио-визуалдык техника жана технология жагында дүйнөлүк аналог-дорду пайдалануу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүнбирдиктүү саясатын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышууга; - мамлекеттик жана мамлекеттик эмес телерадио уюмдарга консульта-циялык жана башка жардам көрсөтүүгө; - Корпорация чыгарган телерадиоберүү продукцияларынын архивинтүзүүгө, телевизиондук фильмдерди чыгарууга; - берүүлөрдүн жалпы көлөмүндө жана берүү убактысында программалар-дын жана берүүлөрдүн жарымынан ашыгын, өз продукциясынын кеминде 50%ынжана улуттук аудио-визуалдык продуктунун же Кыргызстандын авторлорунунже аткаруучуларынын музыкалык чыгармаларынын кеминде 60%ын мамлекеттиктилде жүргүзүүгө. IV. Корпорациянын ишин уюштуруу 14. Корпорацияга башкы директор башчылык кылат, ал Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат. Башкы директордун үч орун басары болот, алар Кыргыз Республикасы-нын Президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. 15. Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, филиалдардын жанаөкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин башкы директор дайындайт жана бошотот.Алардын орун басарларын башкы директордун орун басарларынын сунушу жеалар менен макулдашуу боюнча башкы директор дайындайт жана бошотот. 16. Корпорацияда байкоочу кењеш түзүлөт, анын мүчөлөрү Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши тарабынан шайланат. 17. Корпорацияга жана анын бөлүмдөрүнө жүктөлгөн милдеттерди атка-руу менен байланышкан алда канча маанилүү маселелерди карап чыгуу үчүнКорпорацияда башкы директордун, анын орун басарларынын, жетектөөчүтүзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана Корпорациянын башка кызматкер-леринин курамында коллегия түзүлөт. Коллегиянын жекече курамын Корпора-циянын башкы директору бекитет. V. Корпорациянын башкаруу органдары 18. Корпорациянын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат: - байкоочу кењеш; - коллегия - башкы директор. VI. Корпорациянын байкоочу кењеши 19. Корпорациянын байкоочу кењеши 11 мүчөдөн турган коллегиялууорган болуп саналат. Корпорациянын байкоочу кењешинин мүчөлөрү КыргызРеспубликасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. 20. Байкоочу кењештеги иши менен байланышкан чыгымдардын ордунтолтурууда Корпорациянын байкоочу кењешинин мүчөлөрү Корпорациянын ка-ражаттарынын эсебинен 20дан ашык эмес эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жылы-на бир жолу төлөмдөрдү ала алышат. VII. Корпорациянын байкоочу кењешинин ыйгарым укуктары 21. Байкоочу кењешке төмөнкүлөр жүктөлөт: - байкоочу кењештин регламентин бекитүү, редакциялык принциптердианыктоо жана Корпорациянын өнүгүү принциптерин бекитүү, алардын аткары-лышын контролдоо; - Корпорациянын чыгымдарынын (бюджетинин) сметасын карап чыгуу жа-на макулдашуу, Корпорациянын иши, финансылык каражаттарды, мүлктү жанабашка активдерди пайдалануу жөнүндө башкы директордун жана башка кызматадамдарынын финансылык жана башка отчетторун угуу жана бекитүү; - Корпорациянын түзүмүн жана штаттык санын, кызматкерлерди сыйлыкакы менен сыйлоо жана башка дем берүү системаларын карап чыгуу жана ма-кулдашуу; - Корпорацияны өнүктүрүү жана материалдык кубаттоо фонду жөнүндөжобону карап чыгуу жана бекитүү; - Корпорациянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн финансылык-чарба-лык иши жөнүндө документтерди берүүсү жөнүндө башкы директорго, анынорунбасарына карата суроо-талаптарды ишке ашыруу; - маселенин темасын аныктоо, анын ичинде Корпорациянын иши жанааны өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүү; - телерадиожурналисттердин уставды сакташына контролдук кылуу; - телерадиожурналисттердин укуктарынын, Корпорациянын чыгармачылишинде цензурага жана кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптардын сак-талышын контролдоо; - Корпорациянын финансылык тартипти бузган кызмат адамдарын жооп-керчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды көтөрүү; - Корпорацияны жетектөөдөн анын жетекчисин четтетүү жөнүндө Прези-дентке тийиштүү сунуштарды киргизүү менен маселени карап чыгуу; - Байкоочу кењештин дарегине жарандардан жана уюмдардан келиптүшкөн арыздарды жана кайрылууларды карап чыгуу; - "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамында жана Корпорациянын ушул Уставында каралган башка ыйгарымукуктар. VIII. Корпорациянын байкоочу кењешинин жыйналышын өткөрүү тартиби 22. Корпорациянын байкоочу кењеши (мындан ары - кењеш) жылына 2жолудан кем эмес чакыртылат, мында ар бир жањы жылдын 1-мартынан кечик-тирилбестен кењештин жылдык жыйналыштары өткөрүлөт, анда өткөн жылдагыкењештин ишинин жыйынтыктары чыгарылат. 23. Кењештин кезексиз жыйналыштары кењештин төрагасынын, Корпора-циянын башкы директорунун же анын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бириненкем эмесинин өтүнүчү боюнча чакырылат. 24. Кењештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү катышсажыйналыш ыйгарым укуктуу. Кворум жок болсо, жыйналыш жылдырылат. Кењештин чечимдери кењештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушуменен кабыл алынат. 25. Кењешти төрага жетектейт. Кењештин төрагасы анын мүчөлөрүнүничинен көпчүлүк добуш менен кењеш тарабынан шайланат. 26. Кењештин төрагасынын компетенциясына төмөнкү милдеттер кирет: - жыйналышты өткөрүү убактысы, өткөрүлүүчү орду жана күн тартибинаныктоо; - жыйналышты анын күн тартибине ылайык даярдоону камсыз кылуу; - кењештин жыйналыштарына жетекчилик кылуу; - жыйналышта төрагалык кылуучу өзү жок боло турган учурда кењештинмүчөлөрүнүн бирин дайындоо; - кењештин чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу. 27. Кењештин төрагасы, эгерде ага кењештин бүткүл курамынын үчтөнэкиси ишеним көрсөтпөсө кайра чакыртылат. 28. Кењештин жыйналышы кењештин мүчөлөрү шайлаган катчы тарабынанпротоколдоштурулат. Катчынын милдетине төмөнкүлөр кирет: - жылдык, кезектеги жана кезексиз жыйналыштарды чакыртуу боюнчабүткүл уюштуруу иштерин өткөрүү, жыйналыш үчүн зарыл материалдарды жанакењештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, берилген материалдардыиштеп чыгуу жана жалпылоо; - жылдык жана кезектеги жыйналыштарды өткөрүү жөнүндө 30 күндөнкечиктирбестен жыйналыштар, алардын күн тартиби, убактысы жана өткөрүлөтурган орду жөнүндө жана аны өткөргөнгө чейин 10 күндөн кечиктирбестенкезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө кењештин мүчөлөрүнө билдирүүтүрүндө маалымдоо; - кењештин иш кагаздарын жүргүзүү. 29. Кењештин ишин камсыз кылуу башкы директорго жүктөлөт, алкењешүүчү добуш берүү укугу менен байкоочу кењештин жыйналыштарына ка-тышат. IX. Корпорациянын коллегиясы 30. Коллегиянын ишин уюштуруу жана маселелерди карап чыгуу тартибиколлегиянын курамы кабыл алган регламент менен аныкталат. Коллегиянынишине - Корпорациянын директору, ал эми ал жокто анын орун басарларынынбири жетекчилик кылат. X. Корпорациянын башкы директору 31. Башкы директор Корпорациянын аткаруучу органы болуп саналат. 32. Башкы директор Корпорацияны башкарат жана анын бардык операци-ялары жана иштин түрлөрү үчүн жоопкерчилик тартат. Башкы директордунорун басарлары башкы директордун сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. 33. Корпорациянын башкы директору: - Корпорациянын ишине жетекчилик кылат, филиалдарга,өкүлчүлүктөргө, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө жалпы жетекчиликкылат, Корпорацияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопберет; - байкоочу кењеш менен макулдашкандан кийин Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти аныктаган Корпорациянын санынын чектеринде Корпорациянынтүзүмүн жана кызмат орундарынын санын бекитет; - Корпорациянын атынан иш алып барат жана анын Кыргыз Республика-сынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дары, ошондой эле эл аралык уюмдар, ведомстволор, ишканалар менен өзара аракеттенүүсүн камсыз кылат; - өзүнүн орун басарларынын ортосунда кызматтык милдеттердибөлүштүрөт жана милдеттерди аткаруу үчүн аларга жоопкерчиликти жүктөйт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана бекитилген мам-лекеттик ассигнованиелердин жана Корпорациянын атайын каражаттарынынчектеринде кызматтык айлык акыларга үстөк акылардын тартибин, шарттарынжана өлчөмүн аныктайт; - байкоочу кењеш менен макулдашкандан кийин жана Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик жана атайын каражаттардын эсеби-нен Корпорациянын, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн, аймактык жанаведомстволук бөлүмдөрүнүн жетектөөчү курамын жана кызматкерлерин сыйлоосистемасын жана алардын эмгегин стимулдаштыруунун башка формаларын бел-гилейт; - Корпорациянын, филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн, аймактык жана ве-домстволук бөлүмдөрдүн кызмат орундарынын, анын ичинде ишке кабыл алууконкурстук негизде жүргүзүлгөн кызмат орундардын тизмесин аныктайт; - Корпорациянын кызматкерлерин жана Корпорациянын филиалдарынын,өкүлчүлүктөрүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилериндайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата кубаттоо же тартипкесалуу жазасын колдонот; - белгиленген тартипте Корпорациянын бөлүмдөрүн түзүү, өзгөртүптүзүү жана жоюу маселелерин чечет; - Корпорациянын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн, аймактык жана ве-домстволук бөлүмдөрүнүн милдеттерин аныктайт; - филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн, аймактык жана ведомстволукбөлүмдөрдүн уставдарын бекитет жана күчүн жоготту деп табат, алардынфинансы-чарбалык ишин жана бухгалтердик эсебин контролдойт; - өз компетенциясынын чектеринде Корпорациянын бардык бөлүмдөрүаткарууга милдеттүү болгон Корпорациянын буйруктарын, нускоолорун, эре-желерин жана башка локалдык документтерин чыгарат жана бекитет, алардынаткарылышын уюштурат жана контролдойт; - Корпорациянын ишин жөнгө салган башка документтерге өзгөртүүлөржана толуктоолор боюнча сунуштарды киргизет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Корпо-рациянын максаттарына жана милдеттерине ылайык кредиттерди, гранттарды,спонсордук жана башка каражаттарды тартат; - байкоочу кењеш менен макулдашкандан кийин Корпорациянын чыгымда-рынын сметаларын (бюджеттерин), пландык документтерин жана финансылыкотчетторун бекитет; - Корпорациянын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка актив-дерин пайдалануу жөнүндө Корпорациянын кызмат адамдарынын отчетторунугат; - финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан документ-терди Корпорациянын тиешелүү кызмат адамдарынан белгиленген тартиптесуратат; - теле- жана радиоберүүнүн убактысынын жана мезгилдүүлүгүнүн тар-тибин аныктайт; - уставда аныкталган милдеттерди чечүү үчүн комиссияларды, жумушчутопторду түзөт; - Корпорациянын иши боюнча документацияны көз карандысыз текшерүү,аудит, консультацияларды алуу үчүн консультанттарды тартат жана жумушчутопторду түзөт; - Корпорациянын ишине тиешелүү зарыл маалыматты мамлекеттик орган-дардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суратат жана алат; - Корпорация, башка жактар түзгөн уюмдарда уюштуруучу катары анынкатышуусунун маселелерин белгиленген тартипте чечет; - табылган кемчиликтерди, эреже бузууларды жоюу боюнча Корпорация-нын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон зарылкөрсөтмөлөрдү берет; - өнүктүрүү жана материалдык кубаттоо фондун башкарат жана тес-кейт; - Корпорациянын ишинин маселелери боюнча юридикалык жана жеке жак-тардын арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын карап чыгууну белгилен-ген тартипте уюштурат; - филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн, аймактык жана ведомстволукбөлүмдөрдүн ишин иликтөөнү жана текшерүүнү (анын ичинде комплекстүү)жүргүзүүнү уюштурат, алардын натыйжалары боюнча табылган кемчиликтердижана эреже бузууларды жоюу үчүн чараларды көрөт; - ушул Уставдан келип чыккан, ошондой эле мыйзамдарда каралганбашка ыйгарым укуктарды жана функцияларды жүзөгө ашырат. 34. Башкы директордун орун басарлары өз ыйгарым укуктарынын чекте-ринде өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди ка-был алат, куратордук кылган чөйрөлөр боюнча зарыл документтерге кол ко-ет. XI. Корпорациянын мүлкү жана анын ишин финансылоо 35. Корпорацияны финансылоо Кыргыз Республикасынын республикалыкбюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. 36. Финансылоо ошондой эле төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүшүмүмкүн: - жарнаманын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын; - продукцияны, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык иштин башкатүрлөрүн сатуудан алынган өз каражаттарынын; - автордук укуктарды пайдалануу менен байланышкан кирешелердин; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кире-шелердин. 37. Корпорациянын имараттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мам-лекеттик менчик болуп саналат жана Корпорацияга оперативдүү башкарууукугунда бекитилет. XII. Корпорациянын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби 38. Бул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасы-нын Президенти тарабынан киргизилет. 39. Уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодонөтүүгө тийиш. XIII. Корпорациянын ишин токтотуу 40. Корпорациянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген тартипте жоюу жана өзгөртүп түзүү түрүндө токтотулушу мүмкүн.