Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 28-октябры ПЖ № 391
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин андан ары өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" № 385 Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-главанын "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын аймактык бөлүмдөрү" деген бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын аймактык бөлүмдөрү│
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Жогорку кызмат орду │
├──────┬──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ж1 │Аппараттын жетекчиси │
├──────┼──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ж2 │Аппараттын жетекчисинин орун басары │
│ │Башкы башкарманын начальниги │
│ │Башкы мамлекеттик инспектор │
│ │Аймактык бөлүмчөнүн жетекчиси │
├──────┼──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ж3 │Башкарманын, борбордун начальниги │
├──────┴──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Башкы кызмат орду │
├──────┬──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б1 │Аймактык бөлүмчөнүн башкы мамлекеттик инспектору │
│ │Өз алдынча бөлүмдүн башчысы │
│ │Башкармадагы бөлүмдүн башчысы │
├──────┼──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б2 │Аймактык бөлүмчөнүн бөлүмүнүн башчысы │
│ │Бөлүмдүн башчысынын орун басары │
│ │Башкы эксперт-аналитик │
├──────┼──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Б3 │Эксперт-аналитик, аймактык бөлүмчөнүн эксперт аналитиги │
│ │Эксперт, аймактык бөлүмчөнүн эксперти │
│ │Мамлекеттик инспектор │
│ │Аймактык бөлүмчөнүн мамлекеттик инспектору │
├──────┴──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Улук кызмат орду │
├──────┬──────────────────────────────────────────────────────────────┤
│У1 │Инспектор, аймактык бөлүмчөнүн инспектору │
│ │Басма сөз-катчы │
│ │Башкы адис │
│ │Жетектөөчү адис" │
└──────┴──────────────────────────────────────────────────────────────┘
2. (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |