Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
УКАЗЫ
1993-жылдын 4-августу № ПУ-225
Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин алдындагы Мамлекеттик Кеңешти жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгагвндыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик Кеңеш жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 20-августундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Кеңештер жөнүндөгү» Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Указдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: « Конституцияны жана мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын граждандарынын укуктарын жана эркиндиктерин гарантиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине болгон республиканын калкынын ар түрдүү катмарынын таламдарын кыйла толук эске алуу максатында токтом кылам:
- 1 пункттагы «Мамлекеттик Кеңеш» сөз алынсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-пункттун экинчи абзацы жана 6-пункт жокко чыгарылсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик Кеңеш жөнүндөгү Жобо күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |