Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-майы ПЖ № 155 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун Дирекциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын чакан жана орто масштабдагы электр энерге-тикалык тармагынын иштешин жана өнүгүшүн андан ары өркүндөтүүнү камсызкылуу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүүбоюнча долбоордун Дирекциясы уюштурулсун. 2. Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүүбоюнча долбоордун Дирекциясы (мындан ары - долбоордун Дирекциясы) жө-нүндө Жобо бекитилсин. 3. Долбоордун Дирекциясы өзалдынча юридикалык жак болуп саналатургандыгы жана өзүнүн ишин өзалдынча финансылоо принциптеринде жүзөгөашыра тургандыгы аныкталсын. 4. Долбоордун Дирекциясынын схемасы жана башкаруу түзүмү, ошондойэле кызматкерлердин штаттык саны анын директору тарабынан аныкталат. 5. Долбоордун Дирекциясынын директору болуп Кулов Феликс Шаршенба-евич дайындалсын. 6. Долбоордун Дирекциясынын директоруна долбоордун Дирекциясынишин камсыз кылуунун уюштуруу маселелерин чечүү боюнча сунуштарды ушулЖарлык күчүнө кирген учурдан тартып бир айлык мөөнөттө киргизүү милдетитапшырылсын. 7. Министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациялар долбоордун Дирекциясына ага жүктөлгөн милдеттерди турмушкаашырууда ар тараптан көмөк көрсөтсүн. 8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 9. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-майындагы № 155 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүүбоюнча долбоордун дирекциясы (мындан ары - Дирекция) төмөнкү максаттар-да түзүлгөн мекеме болуп саналат: - энергетикалык комплекстин айрым секторлорун илимий камсыз кылуу; - энергиянын адаттагы жана альтернативдик булактарын долбоор-дук-изилдөө жана өнөржайлык өздөштүрүү; - тармакка жањы техникалык каражаттарды жана технологияларды кир-гизүү; - жањы генерациялануучу кубаттуулуктарды түзүүгө инвестициялардытартуу; - Кыргыз Республикасынын энергетикалык көзкарандысыздыгын камсызкылуу үчүн энергиянын адаттагы эмес жана альтернативдик булактарынөнүктүрүү; - чакан жана орто масштабдарда Кыргыз Республикасынын энергетика-лык жагын өнүктүрүү жагында стратегиялык долбоорлорду жана программа-ларды даярдоо. 2. Дирекциянын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституция-сы жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдери жанаушул Жобо түзөт. 3. Дирекция юридикалык жак болуп саналат, анын өзүнүн эмблемасы,мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы бар мөөрүбар. Дирекциянын банктарда улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда эсебибар. Дирекциянын жайгашкан орду - Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. II. Дирекциянын ишинин максаттары жана багыттары 1. Дирекциянын ишинин багыттары төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: - маалыматтык-аналитикалык иш; - энергетикалык жагында концептуалдык, долбоордук жана эксперттикресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды издөө жана кирги-зүү; - энергетикалык сектордо улуттук программаларды консультациялыккоштоо; - Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы реконструк-циялоо жана өнүктүрүү максатында илимий жана стратегиялык программалар-ды иштеп чыгуу; - өндүрүштүк иш: - энергетикалык тармакка ата-мекендик жана четөлкөлүк инвестиция-ларды тартууга көмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын энергетикалык көзкарандысыздыгын камсызкылуу үчүн электр энергиясын алуунун адаттагыдай эмес жана альтернатив-дүү (орду толтурулуучу) ыкмаларын киргизүү жана натыйжалуу пайдалануумаксатында техникалык экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу; - Энергетикалык тармакка жањы, энергияны үнөмдөөчү технологиялардыкиргизүү боюнча сунуштарды киргизүү жана жүзөгө ашыруу; - коммуникациялык иш: - чет өлкөлүк долбоорлор жана уюмдар менен эларалык корпоративдикбайланыштарды жүзөгө ашыруу; - иликтенип жаткан проблемалар боюнча билим берүү-уюштуруу иштеринжүргүзүү. - Дирекция өзүнүн максаттарына ылайык Кыргыз Республикасынын мый-замдарында тыюу салынбаган иштерди да жүзөгө ашырат. III. Дирекциянын укуктары Дирекция өзүнүн ишинин багыттарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: - өзүнүн иши үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдарданжана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан суратууга жана алууга; - өзүнүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентине, мамлекет-тик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына кирги-зүүгө; - жумушчу топторду, чыгармачыл жамааттарды түзүү аркылуу долбоор-дун пландарына, долбоорлоруна жана программаларына катышууга белгилен-ген тартипте тараптык уюмдардын жана мекемелердин адистерин, кызматкер-лерин тартууга; - өзүнүн ишинин маселелери боюнча эларалык жана четөлкөлүк уюмдарменен өзара аракеттенүүгө, алар менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү-гө; - мүлктү жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга. IV. Дирекциянын ишин башкаруу 1. Дирекцияга жетекчиликти анын директору жүзөгө ашырат, аны Кыр-гыз Республикасынын Президенти дайындайт жана кызматтан бошотот. Дирекциянын директорунун эки орунбасары болот, алардын биринчисиКыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча Дирекциянындиректору тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. 2. Дирекциянын директору башкаруу схемасын, түзүмүн, ошондой элекызматкерлердин штаттык санын аныктайт. 3. Директордун укуктары жана милдеттери: - Дирекциянын ишин уюштурат жана ага жүктөлгөн милдеттердин атка-рылышы үчүн жоопкерчилик тартат; - мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарда, эларалык жана баш-ка уюмдарда Дирекциянын атынан иш алып барат, белгиленген тартипте Ди-рекциянын мүлкүн жана финансы каражаттарын тескейт; - эмгек акы төлөөнүн бекитилген шарттарынын негизинде Дирекциянынкызматкерлерине эмгек акынын өлчөмүн аныктайт; - Дирекциянын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон тескемелер-ди жана буйруктарды чыгарат. 4. Директор жокто анын милдеттерин директордун биринчи орунбасарыаткарат. V. Дирекцияны финансылоо булактары Дирекция өзалдынча финансылоо принциптеринде иштейт жана аны фи-нансылоо булактары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынынталаптарына каршы келүүгө тийиш эмес. VI. Дирекциянын ишин өзгөртүү же токтотуу Дирекцияны жоюу, өзгөртүп түзүү жана ушул Жобого өзгөртүүлөрдүкиргизүү Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайыкКыргыз Республикасынын Президентинин чечимдери менен жүзөгө ашырылат.