Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 31-декабры ПЖ 481
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык
даражасы бар адамдарга эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, ошондой эле "Кыргыз
Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасына татыктуу
болгон жарандарды финансылык жактан колдоону камсыз кылуу максатында
токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык дара-
жасына татыктуу болгон адамдарга 2009-жылдын 1-январынан тартып эмгек
акы 100%га жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жањы өлчөмдөгү эмгек акыны төлөө үчүн зарыл каражаттарды тапсын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев