Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 605 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы № 311 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары Министрлик) тышкы саясый чөйрөдө аткаруучу-тескөөчү функцияны иш жүзүнө ашыруучу жана дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү системасын жетектөөчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат.
Министрлик Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине баш иет.
Министрлик Кыргыз Республикасынын тышкы саясый курсун жүзөгө ашыруу боюнча өз ишин жүргүзөт.
Министрлик өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, ошондой эле бул Жобону жетекчиликке алуу менен иш алып барат.
Министрлик, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү (мындан ары - чет мамлекеттеги мекемелер), Кыргыз Республикасынын аймагындагы Министрликтин өкүлчүлүктөрү (мындан ары - Министрликтин өкүлчүлүктөрү) жана Министрликке караштуу уюмдар (мындан ары - ведомствого караштуу уюмдар) бирдиктүү дипломатиялык кызмат органдарынын системасына кирет.
2. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, кыргыз жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби түшүрүлгөн мөөрүнө ээ.
3. Министрликтин негизги милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын жана негизги багыттарын иштеп чыгуу жана тийиштүү сунуштарды киргизүү;
2) жалпы таанылган эл аралык укук ченемдерине ылайык чет мамлекеттер менен тең укуктуу мамилелерди ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын тышкы саясый курсун жүргүзүү;
3) эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бирдикти жана башка улуттук кызыкчылыктарын дипломатиялык каражаттар менен коргоону камсыз кылуу;
4) бардыгы үчүн тең укуктуулуктун жана ажырагыс коопсуздуктун принциптерине негизденген эл аралык тынчтыкты, глобалдуу жана аймактык коопсуздукту колдоого көмөк көрсөтүү;
5) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилелеринде бирдиктүү тышкы саясатты жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
6) аткаруу бийлик органдары менен мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдарынын өз ара иш-аракеттерине бул органдардын жана алардын кызмат адамдарынын катышуусу бирдиктүү тышкы саясаттын принциптерин жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин аткарышын сакталышын камсыз кылуу үчүн көмөк көрсөтүү;
7) Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана миграциялык саясатын ишке ашыруусуна катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
9) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерин, эл аралык уюмдар менен катнаштарын камсыздоо;
10) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, чет мамлекеттен келген инвестициянын, анын ичинде республиканын экономикасына келген тикелей инвестициялардын агымын жогорулатууга, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар тарабынан түшкөн гуманитардык жана техникалык жардамдарды алууда көмөк көрсөтүү, катышуу;
11) материалдык-техникалык базаны, кесипкөй кадрлар потенциалын, дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин социалдык коргоо системасын түзүү;
12) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык дагы башка милдеттерди ишке ашыруу.
II. Министрликтин функциялары
4. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Министрлик төмөнкү негизги функцияларды турмушка ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын жалпы стратегиясын иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуштарды киргизүү;
2) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
3) Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана башка эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүндө, эл аралык форумдардын, конференциялардын ишинде катышуусун камсыз кылуу, глобалдуу жана аймактык эл аралык маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары ролун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде консулдук ишмердүүлүктү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги юридикалык жана жеке жактарынын жана чет өлкөлөрдө эмгек ишмердиги менен алектенген мигранттардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо иштерин эл аралык укуктун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу;
5) чет мамлекеттерде жашаган мекендештер менен байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
6) өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер аралык бирикмелер менен эл аралык мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдерди түзүү;
8) өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүү, алардын ишин аткаруу, токтотуу жана токтотуп туруу жөнүндө сунушун Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизүү;
9) өз компетенциясынын чегинде эл аралык укук маселелери жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясый курсун ишке ашыруу боюнча өз алдынча жана мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берүү;
10) саясатты иштеп чыгууда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук коопсуздук, коргоо, табигый суу-энергетикалык ресурстар, конверсия, чөйрөнү коргоо, соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон башка байланыштар чөйрөлөрүндөгү иш-чараларына катышуу;
11) соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жана комитеттердин ишине жана эл аралык экономикалык уюмдардын жана алардын жумушчу органдарынын Министрликтин компетенциясына тийиштүү бөлүгүндөгү ишине катышуу;
12) Министрликтин компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерди орнотуу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга мүчөлүгү тууралу сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине кароого коюу;
13) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тууралу сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине коюу;
14) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелерин жетектөөнү жүзөгө ашыруу жана анын ишмердүүлүгүнүн багыттарын аныктоо;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү структураларына Кыргыз Республикасына жана чет өлкөгө болгон расмий жана жумушчу сапарларды уюштурууда жана өткөрүүдө дипломатиялык протокол менен камсыздоо иштеринде көмөк көрсөтүү;
16) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатын иш жүзүнө ашырууда көмөк көрсөтүү, анын ичинде тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдар менен бирге мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана тыюу салуу жана миграциялык көзөмөлдү уюштуруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана иш жүзүнө ашырууга катышуу;
17) Кыргыз Республикасынын тышкы саясый курсуна ылайык чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен катнаштарды уюштуруу;
18) бирдиктүү тышкы саясатты камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында эл аралык ишмердүүлүк маселелеринде мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана координациялоону жүзөгө ашыруу;
19) чет мамлекеттерде жайгашкан Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын башка өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялоо жана көзөмөлдөө;
20) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, жалпы таанылган эл аралык укук ченемдерин жана принциптерин аткаруусун координациялоо;
21) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоо жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын кызматын камсыз кылуу;
22) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасына сунушталган артыкчылык жана иммунитеттердин Кыргыз Республикасында сакталышын көзөмөлгө алуу;
23) кызыкдар мамлекеттик бийликтин органдарынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тийиштүү маселелер боюнча расмий маалымат таратуусуна макулдугун берүү;
24) Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшүү, анын ичинде чет мамлекеттер, эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташууну орнотуу жана өнүктүрүүдө, республикада жана чет өлкөлөрдө эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүдө, чет мамлекеттердин тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктери жана алардын жергиликтүү органдары менен байланышты ишке ашырууда, боордош шаарлардын тыгыз байланышын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
25) республиканын мамлекеттик мекемелеринин жана алардын кызмат адамдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик мекемелери жана алардын кызмат адамдары менен катнаштарында дипломатиялык колдоону камсыз кылуу;
26) дипломатиялык кызматтын кадрларын тандоо, даярдоо, кайра даярдоо, анын ичинде Министрликтин Дипломатиялык Академиясы аркылуу ишке ашыруу, окуу жай даярдаган кадрлар менен Министрликтин борбордук аппаратын жана чет мамлекеттердеги мекемелерин камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына кирген чет мамлекеттердеги мекемелердин жетекчи кызматкерлерине тиешелүү кадр маселелери багытында дайындоо жана жумуштан бошотуу боюнча сунуштарды даярдоо;
27) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жалпыга маалымдоо каражаттарына эл аралык абал жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты тууралу маалыматтарды берүү;
28) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясаты, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий жашоосу тууралу маалыматтардын таралуусуна шарт түзүү;
29) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык жана башка тышкы байланыштарын жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүү;
30) Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн керектүү шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
31) Министрликтин системасында иш кагаздарынын бирдиктүү системасын уюштуруу, мамлекеттик сырлар сакталган маалыматтарды коргоону камсыздоо, жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү, жашыруун режимди жана кызматтык сырды сактоо;
32) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн эл аралык уюмдарды тейлөө кызматтарын жүзөгө ашырган уюмдардын жана ишканалардын ишин жетекчиликке алуу жана координациялоо;
33) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин эл аралык уюмдар жүргүзгөн миссияларда жолдомо боюнча иштөөсүн уюштуруу;
34) Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн эл аралык уюмдардын бош орундарына дайындоо боюнча иштерди уюштуруу;
35) Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө;
36) Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредиттөө;
37) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана анын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) иштерине катышуу;
38) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды ишке ашыруу.
III. Министрликтин укуктары
5. Жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу.
1) Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана мекемелеринин чет мамлекеттердин кызмат адамдары жана мекемелери менен катнаштарынын тартибин аныктоого, эгерде ал Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана эл аралык келишимдери тарабынан аныкталбаса;
2) өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
3) тийиштүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана илимий-изилдөө мекемелеринин макулдугу менен тышкы саясатка байланыштуу айрым изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
4) Министрликтин компетенциясына караштуу маселелер боюнча ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди түзүүгө;
5) билдирүү жана башка тышкы саясый акциялар менен чыгууга;
6) өз компетенциясынын чегинде уюштуруучу-укуктук түрүнө карабастан тышкы катнаштар маселелери боюнча министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, бардык уюмдар тарабынан аткарылууга милдеттүү буйруктарды чыгарууга;
7) өз компетенциясынын чегинде Министрликке бул Жобо тарабынан жүктөлгөн милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын уюштуруу боюнча чечимдерди кабыл алууга жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө;
8) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана макулдашууларды түзүүгө;
9) мыйзамда белгиленген тартипте кенже тейлөө кызматкерлерин жана техникалык персоналдардын санын аныктоого жана аларды жумушка кабыл алуу жана бошотуу боюнча маселелерди чечүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын тышкы саясый жана тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн маселелерин кароодо, эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууда мамлекеттик башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин адистерин жана өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырылышынын жүрүшүн карап чыгуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун өкүлдөрүн чакырууга;
11) консулдук кызмат көрсөтүүдөн жана консулдук тейлөөнүн башка кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн бюджеттен тышкаркы каражаттарды ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Министрликтин материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн, анын кызматкерлеринин социалдык муктаждыктарын камсыздоо, материалдык дем берүү үчүн пайдаланууга, адистерди чакырууга, ошондой эле Министрликтин ишмердүүлүгү менен байланышкан дагы башка максаттарда пайдаланууга;
12) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, ошондой эле бул Жободон келип чыккан маселелер боюнча Кыргыз Республикасында жайгашкан бардык ишкана, мекемелердин иштери менен таанышууга.
IV. Министрликтин ишин уюштуруу
6. Министрликти министр жетектейт, ал бул кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат.
7. Министрлик министрдин үч орун басарына ээ, анын ичинде министрдин биринчи орун басары, статс-катчы жана Кыргыз Республикасынын атынан министрдин орун басары рангындагы ШКУнун Улуттук координаторуна ээ.
Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Статс-катчы "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. Ал эми министр тарабынан статс-катчыга башка дагы милдеттерди жана укуктарды аткаруу жоопкерчилиги жүктөлүшү мүмкүн.
8. Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана ал тарабынан функциялардын жүзөгө ашырылышына министр жеке жооп берет жана министрдин орун басарларынын, Министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт.
9. Министр:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен эки тараптуу жана ар тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине атайын укуктарысыз кол коет;
2) Министрликтин ишин жана чет мамлекеттердеги мекемелердин ишмердүүлүгүн жетектейт, Министрликтин структуралык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет, уюштуруучу, кадрдык, каржы, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү үчүн Министрликтин жетекчи кызмат адамдарынын милдеттерин аныктайт;
3) Кыргыз Республикасынын элчилерин, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлдөрүн, Кыргыз Республикасынын башкы консулдарын дайындоо тууралу Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өкмөттүк делегациялардын жетекчилерин дайындоо тууралу сунуштарын киргизет;
4) мамлекеттин тышкы саясатынын маселелери боюнча расмий билдирүүлөр жана демилгелер менен чыгып сүйлөйт;
5) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги иштеринде Ыйгарымдуу ишеним адамдарын дайындайт жана ишеним грамоталарын тапшырат;
6) төмөнкү жактарга консулдук экзекватура берет:
- Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин консулдук мекемелердин башчыларына;
- Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин ардактуу консулдарына;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелеринде Министрликтин атынан чыгат;
8) Кыргыз Республикасынын Президентине Ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу келген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кабыл алат;
9) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюусуна жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды тариздейт;
10) тышкы саясый мүнөздөгү расмий маалыматтарды жалпыга маалымдоо үчүн дипломатиялык кызматтын башка кызматкерлерине укук берет;
11) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо жөнүндө грамоталарга кол коюп берет;
12) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына Ишеним жана чакыруу грамоталарына кол коюп берет;
13) Министрликтин, чет мамлекеттердеги мекемелердин, Министрликтин өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызматтын бирдиктүү системасына кирген министрликке караштуу бардык уюмдардын ишмердүүлүгүнүн бардык маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
14) өзүнүн кызматтык милдеттеринин айрымдарын министрдин орун басарларына жана статс-катчыга тапшырат;
15) өз компетенциясынын чегинде Министрликтин жана чет мамлекеттердеги мекемелердин борбордук аппаратынын жетекчи кызматкерлерин, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдар системасынын Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалууга тийиштүү эмес кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
16) дипломатиялык кызмат органдар системасынын, ошондой эле ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлеринин жалпы санына жана эмгек акысынын фондуна жараша чет мамлекеттердеги мекемелердин түзүмүн бекитет;
17) өндүрүштүк зарылчылык болгон учурларында дипломатиялык кызматтын жана дипломатиялык кызмат органдар системасындагы дипломатиялык кызмат органдарынын башка кызматкерлерин жумуш ордунан которуу, убактылуу алмаштыруу иштерин дипломатиялык кызмат органдарынын штаттык санына жана айлык акы фондуна жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзөт;
18) белгиленген тартипте атташеден 1-класстагы кеңешчи рангын жана мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунан тартып мамлекеттик кызматтын кеңешчисине чейин класстык чендерди берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи жана Атайын жана Ыйгарым укуктуу Өкүл рангдарын берүү тууралу көрсөтүүлөрдү берет.
10. Дипломатиялык кызматкерлердин кызмат өтөөсү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
11. Министрликте 17 мүчөдөн: анын ичинде министрден (коллегиянын төрагасы), министрдин орун басарларынан, статс-катчыдан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлүнөн (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлүнөн, ошондой эле дипломатиялык кызмат органдар системасынын жетекчи кызматкерлеринен турган коллегия уюштурулат. Кызматы орду боюнча коллегиянын курамына кирген мүчөлөрдөн тышкары коллегиянын мүчөлөрүнүн курамы министрдин көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Министрликтин коллегиясы тууралу жобо жана анын ишинин Регламенти министрдин буйругу менен бекитилет.
12. Министрликтин коллегиясы өзүнүн жыйналыштарында Министрликтин ишмердүүлүгүнүн маселелерин жана анын ишин өркүндөтүү боюнча негизги маселелерди карайт, тышкы саясатты практикада иш жүзүнө ашыруунун, өз чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө, кадрларды тандоо жана маанилүү буйрук жана көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун пайдалануу маселелерин талкуулайт, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн отчетторун угат.
13. Сунуштарды, көрсөтмөлөрдүн иштелмелерин, документтердин долбоорлорун, ошондой эле тышкы саясый ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча чечимдердин макулдашууларын кароо үчүн илимий-методикалык, коомдук кеңештер, жумушчу топтор уюштурулат. Алар жөнүндө жобо министр тарабынан бекитилет.