Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры №121/25/27
Ысык-Ата өнүктүрүү фондунун долбоору боюнча Люксембург айыл аймагынын көчөлөрүнө жарыктандыруу орнотууга акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Ысык-Ата өнүктүрүү фондунун долбоору боюнча Люксембург айыл аймагынын көчөлөрүнө жарыктандыруу орнотууга 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көчөлөргө жарыктандыруу орнотуу” долбооруна макулдук берилсин.
2. Ысык-Ати районунун өнүктүрүү фондунуна сметалык документтерге ылайык Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты кошуу кепилдиги менен өтүнүч кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кожонов
|
|