Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры №122/25/27
Мамлекеттик алымга акча каражатты бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдагы N05-1693/19 ГД “Люксембург айылы, Строительная көчөсү, №5/28 батирин ээсиз-ээликсиз калган мүлк деп тануу боюнча жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүү боюнча” катын карап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айылы, Строительная көчөсү, №5/28 батирин ээсиз-ээликсиз калган мүлк деп тануу боюнча жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүү боюнча сотко кайрылуу үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 100000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берүүсү каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кожонов
|
|