Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры №123/25/27
Парк аймагында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын түзүүгө макулдук берүү зарылчылы жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин парк аймагы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 10-пунктчасынын, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 23-1-беренелеринин 3-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы №541 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн, категориясын өзгөртүүнүн, чек араларын бекитүүнүн жана жоюунун тартибинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары жана Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планы жөнүндө” №131 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуукурчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 19-сентябрындагы №18-4-28/2466 катынын негизинде, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чарбалык колдонуудан толук алуу менен жалпы аянты 9593 кв.м., Киршел а., Мичурин көч., н/ж дарегинде жайгашкан Парк аймагында, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын түзүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кожонов
|
|