Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры №126/25/27
С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжине аукционсуз окуу максаттары үчүн АЖМФнын жеринен 20 га жер тилкесин
ижарага берүү жөнүндө
С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжине аукционсуз окуу максаттары үчүн АЖМФнын жеринен 20 га жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Ж.Курмановдун атына даректелген арызын карап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Байтокоева Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жана С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кат даярдап, арыз ээлерине жооп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Байтокоевага жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кожонов
|
|