Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты №53
Айыл тургундарынын карьерлерди казуу боюнча арызын кароо боюнча
Ала–Арча айыл тургундарынын, дыйкандардын карьерлерди казууну токтотуу боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап Ала-Арча айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Арча айыл аймагындагы жер маселелери боюнча түшкөн кайрылуулардын негизинде жер комиссиясы түзүлсүн.
2. Карьер казуу, кум казуу жана балык өстүрүү максатында жайыт жерлери пайдаланууга, ижарага берилбесин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Арча айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Арча айылдык Кенешинин төрагасы: | Дж. Узенов
|
|