Загрузка документа…
АЛАМYДYН РАЙОНУНУН ТӨМӨНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры №19/58
Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана азайтуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31 беренесине ылайык, жана ошондой эле негизги жана атайын эсеп боюнча Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын киреше бөлүгүнүн көбөйүп жана азайгандыгына байланыштуу:
1. Төмөндөгү салыктардын жана жыйымдардын түрлөрү боюнча киреше бөлүгүнүн планы көбөйтүлсүн:
- 11111100 беренеси боюнча салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы - 448,5 миӊ сом;
- 11312110 беренеси боюнча юридикалык жактардын унаа салыгы 40,0 миӊ сом;
- 11312120 беренеси боюнча физикалык жактардын унаа салыгы 980,0 миӊ сом;
- 11321300 беренеси боюнча айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы - 350,5 миӊ сом;
- 14232400 беренеси боюнча бала бакчалар жана мектеп тарабынан кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм - 156,5 миӊ сом;
2. Төмөндөгү салыктардын жана жыйымдардын түрлөрү боюнча киреше бөлүгүнүн планы азайтылсын:
- 11121100 беренеси боюнча чакан ишкердик учун бирдиктүү салык - 143,0 миӊ сом;
- 11412100 беренеси боюнча сатуудан түшкөн салык - 1770,0 миӊ сом;
- 14234900 беренеси боюнча классификациялык эмес кызматтарды каттоо, күбөлүк, маалымкат берүү жана башкалар - 67,4 миӊ сом;
- 14239900 беренеси боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын категориясына киргизилген ар түрдүү кирешелер - 116,6 миӊ сом;
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин төрайымы |
Р. Толкомбаева |
|