Загрузка документа…
АЛАМYДYН РАЙОНУНУН ТӨМӨНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы №21/69
Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын 19-га жаңы конушун таза суу менен камсыз кылууга бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин депутаты А.Б.Иманкуловдун арызын угуп, талкуулап жана ошондой эле айыло аймактын жергиликтүү жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде׃
- 19-га конушун таза суу менен камсыз кылууга Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын бюджетинен сметага ылайык акча каражаты бөлүнсү;
- Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлгө алуу Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н.Аалиевге жүктөлсүн.
Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин төрайымы |
Р.Дж.Толкомбаева |
|