Загрузка документа…
АЛАМYДYН РАЙОНУНУН ТӨМӨНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы №22/71
Статистикалык маалыматты чогултуу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамдарынын жетекчилигинде, жана ошондой эле Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин жыйыны:
ТОКТОМ КЫЛЫНДЫ:
1. Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтү Аламүдүн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен " Статистикалык маалыматты чогултуу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" келишим түзсүн;
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы Аалиевге Э.Н. жүктөлсүн.
Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин төрайымы |
Толкомбаева Р.Дж. |
|