Загрузка документа…
АЛАМYДYН РАЙОНУНУН ТӨМӨНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТӨМӨНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIII КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫНЫ
2019-жылдын 14-марты №23/73
Ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул жөнүндө
"Афганистан согушунун ардагерлери жана Аламүдүн районунун ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын" Коомдук бирикмесинин өкүлүнүн 2019-жылдын 12-мартындагы № 12чи катынын негизинде:
1. Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын бюджетинен Афганистан Демократиялык Республикасында курман болгон жоокер В.И. Чигреневдун энесине ай сайын жөлөк пул катары 3000 (уч миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы Аалиевге Э.Н. жүктөлсүн.
Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин төрайымы |
Толкомбаева Р.Дж. |
|