Загрузка документа…
КӨК МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2019-жылдын 22-февралы №3
2019-жылга Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджети, 2020-2021-жылдарга болжолу жана 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын авйыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлумунун жетекчиси- башкы бухгалтер Н. Сманованын докладын угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 9857,4 миӊ сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2020-2021-жылдарга айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин бюджетинин болжолу 2020-жылга 9982,2 миӊ сом. 2021-жылга 10125,2 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинде турган мекемелердин 2019-жылга жалпы чыгымы 9857,4 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2019-жыл 1-январына карата кассалык жүгүртүүнүн суммасы 30,0 миӊ сом өлчөмүндө каралсын.
5. 2018-жылдагы Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 14867,0 миӊ сом калдыгы менен кирешелер боюнча 21796,5 миӊ сом өлчөмүндө, чыгашалар боюнча 10016,4 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Бюджеттин так аткарылышына, бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу пайдаланылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Көк-Мойнок айыл өмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси- башкы бухгалтерине милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирсин.
8. Бул чечимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин төрагасы А. Джодаевге тапшырылсын.
Тиркеме №1
№ | Доходная часть | 2019-жыл
| 2020-жыл
| 2021-жыл
| |
(миӊ сом) | (миӊ сом) | (миӊ сом) | |||
1 | Атуулдардын кирешелеринен алынуучу салыктан чегерүүлөр
| 1602,0 | 2132,0 | 2694,0 | |
2 | Ыктыярдуу патентттин негизинде алынуучу салык
| 180,0 | 180,0 | 180,0 | |
3 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 128,0 | 128,0 | 128,0 | |
4 | Огород ээлеринен алынуучу салык
| 89,0 | 89,0 | 89,0 | |
5 | Айыл чарба багытындагы жерден алынуучу салык
| 313,2 | 313,2 | 313,2 | |
6 | Айыл чарбасына жараксыз жерден алынуучу салык
| 1200,0 | 1200,0 | 1200,0 | |
7 | Кыймылсыз мүлккө салык
| 113,0 | 113,0 | 113,0 | |
8 | Сатуудан алынуучу салык
| 824,0 | 419,0 | 0 | |
9 | Роялти
| 1,2 | 1,0 | 1,0 | |
10 | Айыл ичиндеги жерлерден алынуучу аренда акылар
| 374,3 | 374,3 | 374,3 | |
11 | КБФ жеринен алынуучу аренда акылары
| 25,3 | 25,3 | 25,3 | |
12 | Лицензиядан алынуучу акылар
| 4500,0 | 4500,0 | 4500,0 | |
13 | Мусор чыгаруу үчүн алынуучу жыйым
| 11,4 | 11,4 | 11,4 | |
14 | Жакынкы жайыттан алынуучу аренда акылар
| 496,0 | 496,0 | 496,0 | |
| Бардыгы | 9857,4 | 9982,2 | 10125,2 | |
№ | Чыгымдар бөлүгү | 2019- жыл |
1 | Башкаруу органы
| 4456,3 |
2 | Билим берүү
| 2651,2 |
3 | Маданият
| 916,8 |
4 | ЖКХ
| 1337,1 |
5 | Жайыт комитети
| 496,0 |
| Бардыгы | 9857,4 |
Төрага | А. Джодаев |
Жооптуу катчы |
Ж.Самудинова |