Загрузка документа…
КӨК МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-февралы №4
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган 14 867 000 сом калдыгын кароо жана бөлүштүрүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кыдыралиеванын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок-1 орто билим берүү мектебинин имаратынын жана Ак-Өлөӊ айылындагы С. Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин спорт залынын кошумча жасалуучу иштерине 2018-жылы сметад пайдаланылбай калган башкача айтканда 1-январь 2019-жылга калган калдык 14 млн 867 миӊ сомдон 850 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |
|