Загрузка документа…
ЭНИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-февралы №3
Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Калиевдин билдирүүсүн угуп жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн № 473 тескемесин аткарууга алып, “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтомуна негиздеп айылдык Кенеш токтом кылат :
1. Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставы жана коомдук алдын алуу борборунун Кеӊеши (тиркеме № 1) бекитилсин.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде «Эӊилчек-коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикмеси;
- расмий тилде: «Общественное объединение «Общественно-профилактический центр-Эӊилчек».
3. Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде «КАБ» «КБ».
- расмий тилде: «ОО «ОПЦ».
4. Коомдук алдын алуу борборунун юридикалык дареги болуп : Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Эӊилчек айылы, Кыдыр-Аке көчөсү № 27
5. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
7. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Бектуровко жүктөлсүн.
Энилчек айылдык Кеӊешинин XVI-
чакырылышынын 2016-жылдын 14
февралындагы 20 сессиясынын № 3
чечими менен бекитилген.
Эӊилчек айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Кеӊешинин курамы
№ | Аты жөнү | Кызматы | Кеӊештеги кызматы |
1 | Кыдырбаева Кундуз | Айыл өкмөтүнүн башку адиси | Төрайымы |
2 | Усубакунов Бакыт | Айылдык кеӊешинин депутаты | Төрайымдын орун басары |
Мүчөлөрү: | |||
3 | Калыков Ашуу | Аксакалдар сотунун төрагасы | мүчөсү |
4 | Чалабекова Венера | Аялдар кеӊешинин төрайымы | мүчөсү |
5 | Сагылыков Ишенбек | Жаштар Кеӊешинин төрагасы | мүчөсү |
6 | Исмагулова Айша | ФАПтын жетекчиси | мүчөсү |
7 | Шарипова Наргиза | Мектептин директору | мүчөсү |
Жооптуу катчы Н.Калиев
Энилчек айылдык Кеӊешинин XVI-
чакырылышынын 2016-жылдын 14
февралындагы 20 сессиясынын № 3
чечими менен бекитилген.
Эӊилчек айыл аймагындагы коомдук алдын алуу борборунун
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары- КАБ) – Эӊилчек айыл аймагында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде «Эӊилчек Коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикмеси;
- расмий тилде: «Общественное объединение «Общественно-профилактический центр Энилчек».
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде «КАБ» «КБ».
-расмий тилде: «ОО «ОПЦ».
3. КАБ өз ишин «Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик-укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган , мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук , инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КАБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги : Эӊилчек айылы, Кыдыр-Аке көчөсү № 27.
7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын- Кенешинин юридикалык дареги – Ак-Суу району, Эӊилчек айылы, Кыдыр-Аке көчөсү № 27.
2. КАБдын максаттары жана милдеттери
8. КАБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигине карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт койууга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жойуу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
-жалпы алдын алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомгокаршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
-түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө);
10. КАБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
-мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жойуу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камыз кылуу;
-мыйзамга каршы жүрүм-түрүмдагы адамдарга жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
-мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
-мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
-жашы жете электердин көзөмөлүсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
-тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
-мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;
-мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүнкатышуусун активдештирүү;
-өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жойуу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар менен конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11.КАБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КАБдын укуктары жана милдеттери
12. КАБ өзүнө жүктөлгө милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
-мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
-өзүнүн уставдык максаттарын ишке аырууга тиешеси бар маселелер боюна демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
-мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан , коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
-өз жыйындарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
-зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;
-тейлеген аймагына жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;
-мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциациялардыжана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого ;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү Кеӊештин жана тиешелүү денгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кенешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары- ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерин берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КАБдын иши жөнүндө мезгил-мезгили менен маалымдап турууга;
- КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КАБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кенешинин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кенештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин кондоминимумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
-КАБдын жеьектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
-КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
-КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
-КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдетүү:
-КАБдын Уставын сактоого;
-КАБдын ишине катышууга;
-КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
-КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга,жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КАБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
-жеке арызынын негизинде;
-КАБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
-КАБдын мүчөсү каза болгондо;
-КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
-КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
-ушул Уставдын талаптарын бузганда;
-жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүч жоосундарды жасганда;
-КАБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5.КАБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КАБдын жогрку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулушэгерде ,чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнөн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда -25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:
-Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби ;
-коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу(эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын түзүү тартиби;
-иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
-башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жойуу;
-башка маселелер.
25. КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын кенеши (мындан ары –Кенеш) саналат, ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБого отчет берип турат.
28. Кеӊештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү Кенеештин чечими менен эки жылдык мөөнөткө бекитилет.
29. Кеӊештин курамына уюмдардын, мекемелердин , окуу жайларынын жетекчилери , жергиликтүү Кенештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери , кондоминимумдардын балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын , коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун КАБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
30. Кеӊештин чечими Кеӊештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кеӊештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- төраганы, анын орунбасарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
-мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кеӊештин пландарын жана иш-чаралын бекитүү;
-ЖӨБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу ;
КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;
- Кыргыз Респубилкасынын ченемдик-укуктук актылары , ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул уставга каршы келбеген башка маселелер .
32. Кенеш коомдук башталышта иш алып барат.
Кенешке Кеӊештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеӊештин торагасынын орунбасары жетекчилик кылат.
33. КАБдын кенешининтөрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышынын контролдоону уюштуруу, -бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
-келишимдерди макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
-банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө;
-КАБдын жалпы чогулушунун, Кеӊештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар;
34. Кеӊештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеӊештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеӊештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеӊештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн,алардын иштерине Кеӊештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кеӊештин жыйыны бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеӊештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кеӊештин жыйынынын Кеӊештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеӊештин төрагасынын орунбасары алып барат.
38. Кеӊештин жыйыны эгерде ага Кеӊештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеӊештин чечими жыйынга катышкан Кеӊештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеӊештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коет.
40. Кеӊештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеӊештин кабыл алынган чечимдери , сунуштары , сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары , коммуникативдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына , коомчулукка жеткирилет.
6. КАБды кайра уюштуруу жана жойуу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41. КАБды кайра уюштуруу жана жойуу , ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КАБды кайра уюштуруу жана жойуу, ошондой эле анын Уставына өзөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2/3 төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КАБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КАБ өз ишин токтотту деп саналат.
7.Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КАБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык –контролдоочу органы
46. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КАБдын жалпы чогулушу менен эки жылдык мөөнөткө шайлануучу ревизиялык комиссия (ревизор) контролдойт.
47. КАБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар ревизиялык комиссиянын мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия жалпы чогулушка отчет берет.
49. КАБдын бардык кызмат адамдары ревизиялык комиссиянын өз функцияларын аткарууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү
9. КАБдын финансылык-чарбалык иши жана мүлкү
50. КАБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
-юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
-кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкаары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыйуу салынбаган башка булактардан.
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну , ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КАБка өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кенеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын , мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укутарынын чегинде КАБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
54. КАБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Төрага | Кылчыкбаев К.У. |
|