Загрузка документа…
БАЛЫКЧИНСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну № 4
Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин юридикалык башка керектөөчүлөргө таза сууга жана ыплас сууларга болгон төлөм акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин шаардагы башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга болгон суунун жана саркынды сууга болгон кызмат акысынын тарифин жогорулатуу тууралуу Балыкчы шаар мэриясынын 16.04.2019ж. № 01-19/560 кайрылуусунун негизинде шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 22. 05.2019 ж. №44 протоколдук сунушуна ылайык мекеменин сунуштаган тарифин, кызмат көрсөтүүдөгү экономикалык абалына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин облусттук бөлүмүнүн 25.02.2019 ж. № 3 буйругу менен макулдашуусуна ылайык карап талкуулап , Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин “башка керектөөчүлөргө, юридикалык жактарга сууга жана ыплас сууларга” кызмат акыларынын тарифтик баасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясынын 22.11.2017 ж. № 6 токтомунун № 1 тиркемесиндеги “башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга сууга жана ыплас сууларга” бекитилген 14, 04 сом тарифтик баасы жокко чыгарылсын.
- “шаар жашоочуларына коюлган тариф” өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин башка керектөөчүлөргө, юридикалык жактарга таза сууга жана ыплас сууларга бекитилген тарифтик баасы боюнча кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5. Токтом жергиликтүү “Балыкчы” гезитине жана интернет сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин башкы адиси К.З.Орузбаевага жана шаардык Кеңештин алдындагы бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын XXIV
cессиясынын № 4 токтомуна
№ 1 тиркеме
Балыкчы шаарындагы “Суу түтүкчөлөр” муниципалдык мекемесинин башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга сууга жана ыплас сууларга кызмат акыларынын баасы боюнча
Т А Р И Ф И :
№ к\н | Аталыштары | Өлч. бирдиги | Шаар жашоочуларга коюлган тарифи (сом) менен | Башка керектөөчүлөргө жана юридикалык жактарга бекитилген тариф (сом) менен |
1. | Суу түтүкчөдөн чыккан таза сууга
| 1м3 | 9,60 с. (XII сессия 22. 11. 2017ж. бекитилген) | 18,25 с. (14,04 с - 2017ж) |
2. | Ыплас агынды суу (канализация) | 1 м3 | 4,53 с.
(XII сессия 22. 11. 2017ж. бекитилген) | 14,17 с. (10, 89с - 2017 ж.) |
Аппарат жетекчи Ө. А Рахманов
Кеңештин төрагасы | Сартбаева К.Р. |
|