Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №27-30/1
Катуу шамалдын кесепетин жоюу үчүн кошумча акча каражатын Каракол шаарынын мэриясына бѳлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Н. Турсунбековдун, 2019-жылдын 17-октябрындагы, кир.№01-07/368 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С. Толумбекова) Каракол шаарынын мэриясына, катуу шамалдын кесепетин жоюу үчүн, 137 915 (жүз отуз жети миң тогуз жүз он беш) сом ѳлчѳмүндѳгү кошумча акча каражатын, 2019-жылдын 10-сентябрында болуп ѳткѳн кырсыктын (катуу шамал) кесепетинен жапа чеккендерге (тизмеге жана эсепке ылайык) материалдык жардам катары берүүгѳ, эркин калдыктын эсебинен, ѳзгѳчѳ кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн, мурда берилген каражаттан, бѳлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |
|