Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №27-30/2
Каракол шаардык депутаттар Кенешинин, 2019-жылдын 2-июлундагы №27-28/18 токтомун, Каракол шаарынын прокуратурасынын протестинин негизинде жокко чыгаруу жѳнүндѳ
Каракол шаарынын прокурору Р.Аманатовдун, 2019-жылдын 27-августундагы, чыг.№1040-19, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин 2019-жылдын 2-июлундагы №27-28/18 “Кѳп кабаттуу үйлѳрдү курууга жер тилкесин бѳлүп берүү” жѳнүндѳгү токтомун жокко чыгаруу жѳнүндѳгү протестин карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кенешинин 2019-жылдын 2-июлундагы №27-28/18 “Кѳп кабаттуу үйлѳрдү курууга жер тилкесин бѳлүп берүү” жѳнүндѳгү токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча, туруктуу комиссиясына (К.Калмакиев), жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.Ѳскѳнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
|