Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №27-30/3
Каракол шаардык депутаттар Кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы №26-36/8 “ Каракол шаарынын муниципалдык жерлерин жана муниципалдык мүлк обьектилерин инвентаризациялоо жѳнүндѳгү” токтомуна толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Каракол шаарынын мэри А.Каниметовдун, модернизацияланган кѳп кабаттуу үйлѳрдү курууга, инвестициялык долбоорлор жѳнүндѳгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXX сессиясы
токтом кылат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы №26-36/8
“Каракол шаарынын муниципалдык жерлерди жана муниципалдык мүлк обьектилерин инвентаризациялоо жѳнүндѳгү” токтомунун 2 пунктунун “реестри бекитилгиче токтотсун” деген сѳздѳрүнѳн кийин, адаттан тышкары, аукцион аркылуу сатууга жана конкурска коюу үчүн, Карасаев, Гоголь, Тоголок Молдо атындагы кѳчѳлѳрү тарабындагы, 17 га жер тилкесин, долбоорлоо жана кѳп кабаттуу, социалдык-маданий-тиричилик (СМТ) обьектилери бар, турак үйлѳрдү куруу үчүн бѳлүп берсин деген сѳздѳр кошулсун;
2. Каракол шаарынын мэриясы:
- 17га жер тилкесин аукцион аркылуу сатууга жана конкурска коюу үчүн керектүү болгон бардык документтерди даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдуулугуна ылайык, укуктук-ченемдик актылардын жана мыйзамдардын талаптарын кыйшаюуусуз аткарсын;
- куруучуга курула турган кѳп кабаттуу үйлѳрдү суу, электроэнергия, жылуулук жана канализация менен камсыз кылуу үчүн техникалык шарттарды алууга кѳмѳк кѳрсѳтсүн.
3. Куруучу милдеттендирилсин:
- долбоорлоо иштерин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 Токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелерин, Кыргыз Республикасынын шаар куруу регламентин сактоо менен, генералдык планга, тараптардын ѳз ара макулдугу менен, ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү менен жүргүзүүгѳ;
-кѳп кабаттуу турак үйлѳрдү долбоорлоону, 5 кабаттан кем эмес кылууга;
- курулган социалдык обьектилерди Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүүгѳ, бул учурда Каракол шаарынын мэриясынын турак-жай комплексиндеги үлүшү, социалдык обьектилерди эсепке алуу менен, экинчи кабаттан бешинчи кабатка чейинки батирлерде 6 пайыздан кем эмес болуш керек;
-берилген жер тилкесин жана ага жанаша жайгашкан территорияны абаттоого;
4. Карасаев, Гоголь, Тоголок Молдо атындагы кѳчѳлѳрү тарабынан берилген 17га жер тилкесинде, 5 кабаттуу үйлѳрдүн курулушу 3 жылдын ичинде башталбаса, аянты 17ганы түзгѳн жер тилкеси бир тараптуу тартипте, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, кайтарылып алынат.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтом ММКларда жарыялансын.
7.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча, туруктуу комиссиясына (К.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.Ѳскѳнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
|
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №27-30/3
Каракол шаардык депутаттар Кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы №26-36/8 “ Каракол шаарынын муниципалдык жерлерин жана муниципалдык мүлк обьектилерин инвентаризациялоо жѳнүндѳгү” токтомуна толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
(Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 28-2/4 токтомунун редакциясына ылайык)
Каракол шаарынын мэри А.Каниметовдун, модернизацияланган кѳп кабаттуу үйлѳрдү курууга, инвестициялык долбоорлор жѳнүндѳгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXX сессиясы
токтом кылат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы №26-36/8
“Каракол шаарынын муниципалдык жерлерди жана муниципалдык мүлк обьектилерин инвентаризациялоо жѳнүндѳгү” токтомунун 2 пунктунун “реестри бекитилгиче токтотсун” деген сѳздѳрүнѳн кийин, адаттан тышкары, аукцион аркылуу сатууга жана конкурска коюу үчүн, Карасаев, Гоголь, Тоголок Молдо атындагы кѳчѳлѳрү тарабындагы, 17 га жер тилкесин, долбоорлоо жана кѳп кабаттуу, социалдык-маданий-тиричилик (СМТ) обьектилери бар, турак үйлѳрдү куруу үчүн бѳлүп берсин деген сѳздѳр кошулсун;
2. Каракол шаарынын мэриясы:
- көп кабаттуу турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди куруу үчүн, 17га жер тилкесине бардык керектүү документтерди, бекитилген шаар куруу документине ылайык даярдасын, 17 гектардын ичинен, болжолдуу аянты 8 га болгон жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн, аукцион аркылуу сатууга жана конкурска коюулун жана калган 9 га жер тилкеси, социалдык объктилерди куруу үчүн каралсын;
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдуулугуна ылайык, укуктук-ченемдик актылардын жана мыйзамдардын талаптарын кыйшаюуусуз аткарсын;
- куруучуга курула турган кѳп кабаттуу үйлѳрдү суу, электроэнергия, жылуулук жана канализация менен камсыз кылуу үчүн техникалык шарттарды алууга кѳмѳк кѳрсѳтсүн.
(Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 28-2/4 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Куруучу:
- долбоорлоо иштерин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы №12 Токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелерин, Кыргыз Республикасынын шаар куруу регламентин сактоо менен, генералдык планга, тараптардын ѳз ара макулдугу менен, ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү менен жүргүзүүгѳ;
-кѳп кабаттуу турак үйлѳрдү долбоорлоону, 5 кабаттан кем эмес кылууга;
- көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу аяктагандан кийин, мэриянын муниципалдык менчигине анын үлүшү катары, турак-жай комплексиннин жалпы аянтынан үчтөн кем эмес пайызы батирлер түрүндө, биринчиден тогузунчу кабатка чейин берилсин;
- жер тилкенин бекитилген шаар куруу документине (курулуштун долбоору) ылайык, 9 гектарда социалдык объектилер курулсун;
- талаптарга ылайык болгон трансформаторлук подстьанциялар курулсун;
- көп кабаттуу үйлөрдү тейлөө үчүн, от казына курулсун;
-берилген жер тилкесин жана ага жанаша жайгашкан аймак абатталсын;
(Каракол шаардык кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 28-2/4 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде, Карасаев, Гоголь, Тоголок Молдо атындагы кѳчѳлѳрү тарабынан кабаттуу үйлөрдүн курулушу үч жылдын ичинде башталып жана беш жылдын ичинде бүтпөсө, берилген жер тилкеси бир тараптуу тартипте, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, кайтарылып алынат.