Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №27-30/4
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 27-августундагы, кир.№01-7/294 катын карап жана талкуулап, Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бѳлүмүндѳ штаттык бирдиктер кѳбѳйгѳндүгүнѳ, Кыргыз Республикасынын кээ бир укуктук-ченемдик актыларына ѳзгѳртүүлѳр киргизилгендигине байланыштуу, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХX сессиясы,
токтом кылат:
1. Жобого тѳмѳнкү ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин;
-1.3 пунктундагы; Ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ жергиликтүү жыйымдар жана салыктар бѳлүмү, Кыргыз Республикасынын «мамлекеттик кызмат жѳнүндѳгү» деген сѳздѳрдүн ордуна, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» жѳнүндѳгү мыйзамына.
-1.5 пункту кошулсун; «Бѳлүмдүн кызматкерлери муниципалдык кызматкер болуп эсептелинип, ишинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» мыйзамды жана Салык Кодексин жетекчиликке алат.
-1.6 пункту кошулсун; Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бѳлүмү мекеме түрүндѳгү юридикалык жак болот, кирешелер жана чыгашалар сметасы, ѳз алдынча балансы, казынада бюджеттик эсеби, гербдүү мѳѳрү, штампы, тиешелүү бланктары, эмблемасы ж.б. расмий атрибуттары болот.
-2.1 пункт тѳмѳнкү сѳздѳр менен алмашылсын; “жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бѳлүмүнүн негизги максаты болуп жергиликтүү маанидеги салыктардын жана салыктык эмес тѳлѳмдѳрдүн жергиликтүү бюджетке түшүүсүн жана прогноздук кѳрсѳткүчтѳрдүн толук кандуу аткаруу, мындан тышкары салык тѳлѳѳчүлѳрдүн Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарынын жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана салыктык эмес тѳлѳмдѳрдү башкаруунун аткарылышын камсыздоо”.
-2.2 пункт тѳмѳнкү сѳздѳр менен алмашылсын; Каракол шаары боюнча МСКБнын башка бѳлүмдѳрү менен бирдикте кѳзѳмѳлдүк рейддерди жүргүзүү, катталбаган жер-
тилкелеринен, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктѳн, милдеттүү жана ыктыярдуу патенттен салык тѳлѳѳчү катталбаган салык тѳлѳѳчүлѳрдү аныктоону администрациялайт, уюштурат жана координациялайт.
-3.1 пунктундагы тѳмѳнкү сѳздѳр: “тиешелүү аймактардан таштандыны чыгаруу боюнча бекитилген отчеттук формаларды”, тѳмѳнкү сѳздѳргѳ алмаштырылсын, “кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктѳн, жер-тилкелеринен алынчу жер салыктарын патенттин негизинде салык боюнча бекитилген отчеттордун формалары”
-4.1 пунктунун сѳздѳрү алмашылсын; жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бѳлүмүн МСК башкармалыгынын орун басары башкарат жана МСКнын башка бѳлүмдѳрү менен тыгыз кызматташтыкт,а жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын план-прогноздорун аткарууну координациялайт. Бѳлүмдү жалпы башкарат жана жетектѳѳ боюнча жооптуу болуп эсептелинет.МСК башкармалыгынын жергиликтүү салыктар
жана жыйымдар боюнча орун басары, бѳлүм башчы-бѳлүмгѳ жүктѳлгѳн милдеттерди жана функцияларды аткарууда жеке жоопкерчиликте болот.
4.3 пунктуна тѳмѳнкүдѳй толукталсын; МСК башкармалыгынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча орун басары, бѳлүм башчы жана бѳлүмдүн кызматкерлери ээлеген кызматына конкурстук негизде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ” мыйзамынын жана тиешелүү кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарга ылайык жумушка дайындалат. Конкурстук комиссиянын мүчѳлүгүндѳ Каракол шаардык мэриясынын кызматкерлери, Каракол шаардык Кенешинин депутаттарынан (макулдашуу менен), Каракол шаардык МСК башкармалыгынын жетекчилеринен жана кызматкерлеринен түзүлѳт.
МСК башкармалыгынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча орун басары, бѳлум башчысы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳгү” мыйзамдын негизинде ээлеген кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Каракол шаардык мэриясынын алдындагы ЖСжЖ бѳлүмүнүн кызматкерлерин МСК башкармалыгынын буйругу менен жумушка дайындайт жана жумуштан бошотот.
Функционалдык милдеттер, кызматтык нускама Каракол шаардык мэриясынын макулдашуусуна ылайык Каракол шаарынын МСК башкармалыгынын буйругу менен бекитилет.
Эмгек келишимдери, кызматтык ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ” жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен жѳнгѳ салынат.
2 Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
|