Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №27-30/5
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 6-августундагы кир.№01-7/269 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХX сессиясы,
токтом кылат:
1. «Саякбай Манасчы» жаңы конушунун ылдыйкы тарабындагы бир кѳчѳгѳ «Сейтек» деген ат коюлсун (картага ылайык)
2. Искаков, Элебаев атн. кѳчѳлѳрү тарабындагы четки кѳчѳ «Күн батыш» деп аталсын . (картага ылайык).
3. Искаков, Элебаев атн. жаңы конуштагы, мечиттин маңдайындагы кыска кѳчѳ «Ырыс» деп аталсын (картага ылайык).
4. Искаков, Элебаев атн. жаңы конушундагы Токтогул атн. кѳчѳсүнѳн ѳйдѳкү кыска кѳчѳ «Ак-Кайың» деп аталсын (картага ылайык).
5. Кузбасск кѳчѳсү жакта жайгашкан жаңы конушка Советбек Жумадыловдун ысымы ыйгарылсын (картага ылайык).
6. Кузбасск кѳчѳсү тарабындагы жаңы конуштун бир кѳчѳсү «Кут дарак» деп аталсын (картага ылайык).
7. Кузбасск кѳчѳсү жакта жайгашкан жаңы конуштун бир кѳчѳсүнѳ «Балбай баатыр» деп аталсын (картага ылайык).
8. Кузбасск кѳчѳсү тарабындагы жаңы конуштун бир кѳчѳсү «Каркыра» деп аталсын (картага ылайык).
9. Кузбасск кѳчѳсү тарабындагы жаңы конуштун бир кѳчѳсү «Жеңищ» деп аталсын (картага ылайык).
10. Кузбасск кѳчѳсү тарабындагы жаңы конуштун бир кѳчѳсү «Эркин-Тоо» деп аталсын (картага ылайык).
11. Кузбасск кѳчѳсү тарабындагы жаңы конуштун бир кѳчѳсү «Салтанат» деп аталсын (картага ылайык).
12. «Келечек» жаңы конуштагы кѳчѳлѳр «Келечек», «Ак-Жол», «Береке», «Ак-Суу», «Талды-Суу» деп аталсын (картага ылайык).
13. Күчүков атн. шоссе тараптагы С.Абдраимов атн жаны конуштун бир кѳчѳсүнѳ Авен Майрыковдун ысымы ыйгарылсын.
14. Каракол шаардык мэриясы бир айлык мѳѳнѳттүн ичинде аты жазылган табличкаларды даярдап, бурчтагы үйлѳргѳ тактырсын.
15. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
16. Токтом ММКларда жарыялансын.
17. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
|