Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №27-30/6
Каракол шаарынын тургундарынын жамааттык, 2019-жылдын 20-августундагы кир:№01-9/52 жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Ѳскѳнбаевдин 2019-жылдын 28-октябрындагы, кир:№01-7/376 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С. Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына,жаңы мусулмандар бейитин курчоо үчүн, берилген эсепке ылайык 574 700 (беш жүз жетимиш тѳрт миң жети жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акча каражатын, үнѳмдѳлгѳн акча каражатынын эсебинен, дем берүүчү грантты каржылашууга каралган акча каражатынан бѳлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |
|